Бүгүн Талас мамлекеттик университетинде «Адеп ыйман жана руханий баалуулуктар — жаштарга билим, тарбия берүүнүн негиздери» аттуу 14-студенттик илимий тажрыйбалык конференция өткөрүлдү.
Илимий тажрыйбалык конференция 5 секцияга бөлүнүп 140 студент катышты. Конференциянын максаты — студенттерди илимге тартуу жана илимди өнүктүрүү жана аларды практика жүзүндө иштетип көрүү.
Быйылкы докладдардын негизги мазмуну,илимдүүлүгү,практикалык иштерди жазаганы жана студенттин кошкон салымына практикалык маанисине көңүл бурулду .
Быйылкы илимий-тажрыйбалык конференция өзгөчө болуп өттү.Себеби бул конференцияда студенттер гана эмес, мектеп окуучусу да катышты.
Илимий тажрыйбалык конференция алгач каттоодон башталып пленардык жана секциялык отурумдан соң жыйынтык чыгарылып , секция башчыларынын кыскача маалыматтык отчету жана конференциянын резолюциясын кабыл алуу менен бирге татыктуу иштерди сыйлоо аземи менен жыйынтыкталды.
Даярдаган:Камчыбекова Р., Мират кызы Н.