Талас шаарынын сейил паркында бүгүнкү күндө эски бак – дарактар кыйылып, жаңы көчөттөр отургузулуп жатат.
Талас шаардык мэриянын турак- жай коммуналдык чарба иштеринин башкы адиси Руслан Жээнбеков буларды айтты:
«Жашылдандыруу боюнча үч айлык ишембилик жарыяланып, бүгүнкү күндө үч айдын алкагында үч жолу ишемби күндөрү мекемелер тарабынан ишембилик өткөрүлдү. Борбордук сейил паркка жалпысынан 1600 көчөт отургузулду, алардын арасынан көк терек 151, кайың 391. Учурдан пайдаланып шаар тургундарынан суранмакчымын өз жамааттары менен биригип ишемби күндөрү өз айлана чөйрөсүн тазалап турушса».
Албетте, ар бир адам өз шаарын өз жүзүндөй көрүп таза кармаса, анда шаар гүлдөп өсмөк. Азыркы учурда сейил паркты бир гана мэрия тарабы эмес, Талас шаардык агрардык экономикалык колледждин студенттери да ишебилик уюштурушуп тазалоодо.
«Мен Майрамкүл Өмүржановна азыркы учурда ишебиликти студенттер менен өткөрүп жатабыз. Менин оюмча ушул тазаланып жаткан шаар ар бир адамдын купулуна толот».
Жогоруда айтып өткөндөй, Талас шаарына бир гана кайың көчөттөрү эмес, жакынкы арада гүлдөр да тигилмекчи.
Даярдаган: Толгонай Тимурова