Талас шаарындагы «ИСИТО» кесиптик колледжинде Талас облустук сотунун төрагасынын орунбасары Токтосун уулу Каныбек студенттерге лекция өттү.
Лекциянын жүрүшүндө бүгүнкү күндө балдардын укугун коргоо чөйрөсүндө болуп жаткан өзгөрүүлөр жана жетишкендиктер туурасында айтып берилди. Ошону менен бирге жаштар арасында кылмыштарды жасоо себептери, тенденциялар жана көйгөйлөрүн студенттер менен бирге талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Мындан тышкары колледждин студенттерине сот тутуму, курамы жана түзүлүшү боюнча дагы түшүндүрмө берилди.
Жолугушууда Токтосун уулу Каныбек келечекте мындай иш-чаралар системалуу түрдө Талас облусунун жергиликтүү сотторунун судьялары менен биргеликте өткөрүлөрүн белгилеп, студенттерге окууда жакшы жетишкендиктерди, жашоосунда позитивдүү өзгөрүүлөр болушун каалап кетти.
Талас облустук сотунун басма сөз кызматы