Бишкекте 18-майда Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз Улуттук филармонияда студенттердин «Ала-Тоо жазы – 2017» республикалык фестивалы өттү.
«Ала-Тоо жазы – 2017» фестивалынын негизги максаты – өлкөдөгү тарых, маданият, искусство жана каада-салттарды жайылтуу, студенттер арасында достук мамилени чыңдоо, жаш таланттарды аныктоо жана аларды өстүрүү болуп саналат. Фестивалга өлкөбүздүн баардык жогорку окуу жайларынын студенттери катышышты.
Талас Мамалекеттик Университеттин студенттик командасы байгелүү II орунга ээ болду.
“Биздин студенттер иш-аракеттери, эмгеги менен байгелүү орунду алып келди. Студенттер тобун жетектеген биздин проректорубуз Самат Субанкуловичке, көркөм жетекчибиз Усеин Отуналиевичке, драм театрга чоң рахмат айтабыз. Биздин студеттер өзүнүн чыгармачылыгынын мыктылыгын көрсөтө алышты”, – деп кошумчалады, Талас мамлекеттик университетини ректору Айбек Упенов.
«Ала-Тоо жазы – 2017» фестивалынын байге фонду 1 млн. сомду түздү. Талас мамлекеттик университети 80 миң акчалай сыйлык менен сыйланды.
https://www.youtube.com/watch?v=G-TrI2OMQ48
Даярдаган: Кубанычбекова А.