Кыргызстанда “мен ай сайын тапкан акчамдан көбүрөөк чыгаша кетирем, айлыгым айдан айга жетпейт” деген адамдар четтен чыгат. Ал эми айрымдары жылдап топтогон акчасын той-аштарга да жумшагандар бар. Бул маселе соңку учурда кыргыз коомчулугундагы анын ичинен Нарын облусунда чоң маселердин бирине айланды.
Жылдап топтогон акчасын бир күндүк тойго жумшаган Азамат
25 жаштагы Нарын шаарынын тургуну Азамат Касым уулу (аты-жөнү өзгөртүлдү-ред) мындан үч ай мурун үйлөнгөн. Ал мигрант болуп бир топ жыл Орусияда иштеп келип, чогулткан акчасына ресторанда той берген.
«Мен негизи көп жыл чет жакта эмгектендим. Тоюма кеткен каражат 8 миң долларды чапчыды. Акчамды банкка топтой берчүмүн. Бирок ал акчанын максаты жок болчу. Жөн гана банктта туруп турсун деп салчумун. Кийин Кыргызстанга келгенде ал акчанын 30 пайызын жөн эле майда нерселерге коротуп коюптурмун. Анан үйлөнөйүн деп чечтим. Үйлөндүм жылдап чогулткан акчам бир тойго эле кетип калды. Негизи ресторанга той бергенде өзүн-өзү жабат го деп ойлогом, бирок мен ойлогондой болбой калды», — деди ал.
Мындан сырткары, ал үйдөн той бергенде бир канча кой сойгонун, ал эми ресторанга бир жылкы сойгонун жашырган жок.
«Негизи салт боюнча үйгө дагы той бериш керек да. Кошуналарды, алыскы туугандарды чакырыш керек дегендей. Анын барын чакырып, кой союп аттык. Үйдөн эле 4 кой сойдук окшойт. Аларды бирок ата-энем чыгарды. Чынында бирок тойго эле көп акча кетти. Баягы чогулткан акчамдын баары тойго жумшалды, андан сырткары ата-энем дагы кошту. Азыркы учурда бир компания менен келишим түзүп иштеп жатам. Айына 50 миңден ашык айлык алам. Бирок үй-бүлөлү адам болгондон кийин жетпейт экен. Ачыгын айтканда айлыгым азыр айдан айга жетпейт. Жакында эми балалуу болсом кантим билбейм», — дейт ал.
Нарын облусунда Азамат Касым уулу сыяктуу жылдап чогулткан акчасын бир тойго жумшап, алган айылыгын айдан айга жеткире албай жаткандар миңдеп саналат.
2021-жылы Кыргызстанда кедейчиликтин деңгээли өткөн жылы 33,3 пайызды түзүп, жакыр жашагандар мурдагы жылга салыштырмалуу 5,2 пайызга көбөйгөн. Мындан улам өкмөт маркумду жерге берүүдө чыгымдарын азайтуу максатында бодо мал союуга тыюу салган.
Буга чейин 2021-жылдын июль айында Жогорку Кеңеш той-аштарга чектөө киргизүү боюнча атайын токтом кабыл алып, элдерди акчаны сарамжалдуу болууга чакырган. Бирок мыйзам долбоору колдоо тапкан эмес.
«Мектептерге жана университеттерге кошумча окуу программаларын киргизүү зарыл»
Ал эми «Ак-Босого» турак жай — сактык кредиттик компаниясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Айзаада Усупова адам финансылык жактан сабаттуу болуш үчүн мектептерге жана университеттерге атайын кошумча окуу программаларын киргизүү керектигин айтат.
«Финансылык чечимдерди кабыл алууда, финансылык суроо-талаптарды аткарууда биздин болгон билимибиз, маалыматтарыбыз, калыптанып калган адаттарыбыздын, жүрүм-турумдарыбыздын негизинде каржы чечимдерин кабыл алабыз. Бул биздин каржы сабаттуулуктун деңгээлин көрсөтөт. Адам финансылык маалыматтарды туура так түшүнүү жана пайдалануу тапкан кирешеден керектүү чыгымдарды алып койгондон кийинки суммасын туура пайдалануу же инвестициялоо. Бизде мектептерде болобу жогорку окуу жайларындабы каржы сабаттуулукка үйрөтпөйт. Адам муну өзүнүн жеке тажрыйбасынын негизинде финансылык чечимдерди кабыл алуу адаттары пайда болот», — дейт ал.
Ошондой эле, ал акчаны айдан айга жеткире албай жаткан адам ойлонуп, өзүн- өзү башкаруу үчүн суроо бериш керектигин айтат.
«Мунун чечүүнүн 2 жолу бар. Кирешени көбөйтүш керек же чыгымдарды азайтуу. Кирешени көбөйткөндө “кирешени кантип көбөйтсөм болот, мага канча киреше керек?”-деген суроого жооп издеш керек. Адам өзүнө туура суроону койгондон кийин туура жооптор келет. Чыгымдарды азайтканда болсо, эң керектүү чыгымдардын тизмесин түзүп, чындап кереги барбы эмоциянын негизинде кабыл алынган чечимдер эмеспи талдап көрүңүз. Ушул жерде тамеки сыяктуу зыяндуу адаттарга короп жаткан каражатты эсептеп көрсөңүз дагы болот», — деп белгиледи ал.
«Адам өзү өзү башкара албаса, акчаны кармай албайт»
Avrortv медиа компаниясынын негиздөөчүсү Айжигит Матраимов айлыкка жашаган адам өзүнүн гана муктаждыктарын чече аларын белгилеп, бирок ошол айланпадан чыгуу керектигин айтат.
Анын айтымында, ар бир адам өзүнүн киреше-чыгашасын жазбаса анда ийгиликке жетүү кыйын.
«Кыргызстанда орточо маяна 18-20 миң сомдун тегерегинде. Бирок ушул акчаны дагы айдан-айга жеткирсе болот. Маселен айлыкка жашаган адамдардын катигориясында сөз кылсак. Көбүнчө ушунча айлык акы алган адамдардын жошоо турмушу окшош. Көбү батирлерде жашашат. Айдын аягында маяна алган адам бат эле акчасын карыздарына таркатып берип, кийинки айды кайра карыз алуу менен баштайт. Негизи 5 миң сом болобу, 15 миң сом болобу бул сумманы бир айга жеткирсе болот. Демек бул акча сенин кирешең эмес, сенин муктаждыктарыңды гана чечүүчү каражат болуп эсептелинет. Аны жеткириш үчүн ошол акчага эң зарыл болгон гана нерселерди алыш керек. Мен эмнени сунуштайм? Бул жерде адам сөзсүз түрдө киреше чыгаша бөлүгүн жазыш керек», — деди ал.
Ошондой эле, ал киреше кире турган булакты издөө эң маанилүү экенин белгиледи.
«Айлыкка иштеген адам өзүнүн күчтүү тарабын жакшылап анализдеп чыгышы керек. Сенин айлыгың муктаждыктарыңды гана чече турган болсо, анда киреше кире турган булакты издеш керек. Киреше дегеним чакан бизнес же кошумча жумуш таап иштеп акча топтош керек», — деп жыйынтыктады сөзүн.
Баштан өткөн сабак
Учурда ар кандай долбоорлор менен иш алып барып, ошол эле учурда кошумча киреше алып келүүчү жеке ишкерлик менен алектенген Данияр Шумкарбеков өз тажрыйбасы менен бөлүштү.
Ал студент кезинде баскан-турганына көп акча коротконун, бирок өзү акча таап иштей баштагандан бери акчаны үнөмдөгөнгө жана каржы боюнча ар кандай китептерди окуп өзүн өнүктүрө баштаганын айтып берди.
«Жалпак тил менен түшүндүрө кетсем. Мен деле окуучу, анан студент болгом. Кө акчаны болбогон бир нерселерге короткон учурларым болгон. Анан өзүм анализ жасап көрдүм, ортодо пайдалуу китептерди көп окудум. Кийин ар бир чыгымымды кагазга жаза баштадым. Ошентип отуруп, акчаны туура бөлуштүрүүнү үйрөндүм. Кирешемди төрткө бөлө баштадым. Ар бирине 10%дан акча бөлөм. Биринчиси, үйгө керектүү азык-түлүктү же майда-чүйдө керектүү нерсе алганга. Экинчиси, “фонд” деп атам койгом. Жакындарымдын көзү өтүп кетсе, бирөө той же бирөө жарым ооруп кала турган болсо ошол жакка кетире турган акча. Үчүнчүсү, кайрымдуулукка кетире турчу акча. Убагы келгенде жакын туугандарым кыйналып калса, ошолорго бөлөм. Төртүнчүсү 70%ын өзүм үчүн коротом. Мен курсттарга жазылсам же өзүмө керек болгон буюм алсам ошол акчадан коротом. Же бизнеске салам», — деди ал.
Ал бул ыкманы колдоно баштагандан бери коркунуч жана кабатырлануу сезими жоголгонун айтат. Анын айтымында, бул ыкманы ар бир жаран колдонсо ийгиликке жетүү оңой болот.
Ошондой эле, ал жаштарды дагы каржы сабаттуулук боюнча билимин жогорулатууга чакырды.
«Азыркы студенттер керек болсо окуучулар дагы чоң адамдардан көп акча кармашат. Универстетте окуган студенттер диплом менен эле эмес, кызыл китеп менен дагы чыкса болот. Кызыл китеп дегеним беш жыл ичинде акча топтоп үй же жер алса болот. Болгону ошол алган айлыгын туура бөлүштүрүү керек. Анан той-ашка бирөөнө атаандашып кошумча көп акча алып баруунун кереги жок. Ар ким алына жараша жана айлыгына жараша алып барса жетет. Бул менин дагы башымдан өткөн. Ошол үчүн жогоруда айтып кеткен ыкманы колдонууга өткөм. Кийин чыгымдарды жазуу үчүн, атайын китеп күндөгүгүн чыгаргам», — деди Шумкарбеков.
Кыргызстанда каржы сабаттуулук боюнча акы төлөнүүчү онлайн жана оффлайн курстар абдан көп. Бирок Улуттук Банк кыргыз тилинде бекер окутуучу каржылык сабаттуулук боюнча онлайн курстарды дагы иштеп чыккан.
Аталган онлайн-курс колдонуучулардын кеңири чөйрөсүнө арналган жана алардын жашаган жерине, убактысына карабастан, баарына билим берүү материалдарын акысыз алууга мүмкүндүк берет. Үй-бүлөлүк каржыны пландаштырууга жана башкарууга үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүн тартууга өзгөчө басым жасалат.
Курс 4 модулдан жана өлкөнүн регионалдык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыккан өз алдынча иштөө үчүн 15 тренингден турат. Окуу актуалдуу маселелерди камтып, калктын каржылык сабаттуулугундагы кемчиликтерди толтурат. Окууну ийгиликтүү аяктаган катышуучуларга электрондук сертификат берилет.
Онлайн курска бул ecampus.itcilo.org шилтеме аркылуу кирсеңиз болот.
Дилде Шатанова