15-июлда Талас шаары 78 жылдык туулган күнүн белгиледи. Иш-чара “Талас шаары-Сиз билгенден да көбүрөөк” форуму менен башталып, Талас шаарынын инвестициялык, туристтик, экономикалык, маданий мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталды.
Талас шаардык мэриясынын жыйындар залы
Форумдун катышуучуларына мэриянын атайын белектери ыйгарылды
Форумга Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов, Талас шаардык кеңештин вице спикери Азиз Курамаев жана башка мекеме жетекчилери, жеке ишкерлер катышты. Андан сырткары иш-чарага Бишкек шаарындагы ММК өкүлдөрү чакырылып, пресс-тур менен коштолду.
Талас шаарыны мэри Аскар Шабданов жана шаардык кеңештин вице-спикери Азиз
Шаарды кантип өнүктүрүү керек, анын ичинде туристтик, маданий, экономикалык жактан алдыга алып чыгуу тууралуу атайын чакырылган адистер маалымат менен бөлүшүштү. Иш чаранын жүрүшүндө шаар мэри Аскар Шабданов шаардык бюджетти 200 млн сомго көтөрүү планын айтып, учурда 260 орундуу мектеп жана тигүү ЦЕХи салынып жатканын кабарлады.
Талас шаарынын туулган күнүнө арналган фестивалдан сүрөтбаян:
Форум жыйынтыкталган соң бир катар маданият кызматкерлери коштогон фестиваль менен уланды. Талас шаарынын таланттуулары, ырчы, бийчи, акындар фестивалдын көркүн ачты.
“Нур-Сайма” улуттук көргөзмөсү, автору Нурия Исакова
Шаардын өнүгүшүнө, социалдык жашоо турмушуна салым кошкон кызматкерлер атайын ардак грамота, ыраазычылык каттар, төш белгилер менен сыйланды.
Фестивалда Таластык ишкерлер, кол өнөрчүлөр жергиликтүү, уникалдуу продукцияларын жарманкеге коюшту
Фестивалды Гүлнур Сатылганова, Султан садыралиев баштаган бир катар эстрада ырчылары коштоп, шаар тургундары менен биргеликте лоторея ойнотулду.
Зыйнат Самар кызы