Үй -бүлөдө кызды, уулду тарбиялоо жашообуздун бир бөлүгү болгондуктан, ага абдан маани берүүбүз зарыл. Балдардын инсан катары калыптануусу, коомдогу орду ата-энеге байланыштуу.
«Үй-бүлөдө кыздарды жана балдарды тарбиялоодо өзгөчөлүктөрдүн кереги барбы» деген суроо менен айыл тургундарына сурамжылоо жүргүздүк:
«Биздин үй-бүлөдө кыздар да, балдар да бирдей эле жумуш жасай беришет. Андай бөлүү жок».
«Кичине кезимде тентек болчумун. Эркек балдар менен ойночумун, мушташчубуз. Чогуу торпок айдап, уй тосчубуз дегендей. Ата-эне кыздай болуп кичине үйдө отуруп, шырдак шырып, кыздын жумушун жасасаң боло дечү.
Биз ушул эле суроо менен окуучуларга да кайрылып көрдүк:
Осмонов Эрлан: «Мен карындашым үйдө жокто тамак жасап, нан салып, үй жыйнап коем. Бөбөктөрүмдүн кирлерин жууйм. Бул кыздын жумушу, бул эркек баланын жумушу деп бөлүү туура эмес. Ал биздин кийинки келечегибизге жакшы».
Жыргалбекова Адила: «Үй-бүлөдө бөлбөй, бирдей мамиле жасаш керек. Ата-энелер үйдө экөөнүн тең пикирин, оюн угуп, ошого жараша кеп кеңешин берип, мамиле кылуусу керек деп ойлойм. Кызды да, баланы да тыйыш керек. Бирок чеги менен».
«Атабыз оор жүк ташуучу унаа айдагандыктан кыздарыма атаңардын түйшүгүн түшүнөлү, сырткы жумуштарды жасайлы жардам берели деп айтам. Ал эми эркек балдарыма эжелери сабакка кеткенде чыны жуу, аны алып кел, суу төгуп кел деген сыяктуу үй жумуштарды жасатам».
Сайкал Качыкеева Баетов айылынын тургуну. Жолдошу экөө эки уул, эки кызды тарбиялап келишет. «Үйдөгү иштерди бул кыздардыкы, бул балдардыкы» деп бөлбөйбүз деген каарманыбыз туугандарынын жашоосуна көп таасирленгенин айтты:
«Биздин өзүбүздүн алысыраак туугандарыбыз бар эле. Үй-бүлөдө көп балалуу эле, аларды абдан катуу кармачу. Эркек балдарына чакадагы сууну да эркектин иши эмес деп төктүрчү эмес. Ал киши өзү да ошондой тарбия менен чоңойгон. Кийин баласы так эле атасындай болду. Аялын эч жака чыгарчу эмес. Абдан көп зордук-зомбулук көрсөтчү, бирок жеңебиз чыдады. Келип-кетип жүрүп эле удаа төрттү төрөдү. Өздөрү сарайда мал багышат. Кичинесинен көргөн тарбиясы ошол болгондуктан, аялына жардамдашчу эмес. Жеңебизге боорум ооручу. Ошонун улам үй-бүлөдө кызды да, баланы да бирдей эле тарбия берип чоңойтуш керек деп ойлойм».
Кыргыз үй-бүлөлөрдө азыркы күндө деле балдарды тарбиялоодо калыпка салынган мамилелер эч жерде жазылбаганы менен адат катары калбай келет. Ал эми бул тармактагы адис Гулмира Расулова үй-бүлөдө чектөөлөрдөн алыс болуу керек. Анткени туура тарбия алган адам ийгиликтүү болот деген оюн билдирди.
«Кыздарды жана балдарды тарбиялоодо калыптанып калган нерселерден алыс болушубуз керек. Анткени биздин айлана-чөйрөбүздөгү өнүгүп, бутуна туруп, өз жашоосун жөндөп кеткен адамдардын баары убагында жакшы тарбия алышкан жана туруктуу болушкан. Ал эми туруктуулукка дем берчүлөр-булар ата-энелер. Кыздын жумушу, эркек баланын жумушу деп үй тиричилигинде да бөлбөшүбүз керек.
Гулмира Расулова адис катары жер-жерлерде кыдырып иштөө учурунда үй-бүлөдө ата-энелер менен балдардын ортосунда баарлашуунун жоктугун өздөрү айтып келишет дейт.
«Бизде бул эркек балага, бул кыз балага тиешелүу деген чектөөлөр бар. Бирок бул чектөөлөрдөн алыс болуу керек. Анткени чектөөлөр алардын келечегине абдан чоң тоскоолдук жаратат. Үй жумуштарыбы же сырт жумуштарыбы аны үй-бүлө мүчөлөрү бөлүшүп алып жасаса абдан жакшы болот».
Албетте, кыздардын да, балдардын да келечекте кандай адам болоруна эң ириде үй-бүлөдөгү тарбия роль ойнойт. Андыктан балдарыбызга жакшы тарбия берип, турмушка көз карашын туура өстүрүп, келечекте ийгиликтүү адамдардын катарын толуктоосуна көмөк көрсөтөлү.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова