Кайсы бир тилде эркин сүйлөөдө бир катар тоскоолдуктар кездешет. Керектүү сөздөрдү унутуп калуу, сөздүн туура айтылышын, басымды билбөө же психологиялык коркуулар. Тилдик тоскоолуктарды жеңип, чет тилде эркин сүйлөө үчүн төмөндөгү 6 кеңешти эсиңизге алыңыз.
Тилдик тоскоолдук — бул ар башка тилде сүйлөгөн адамдардын ортосундагы баарлашууда пайда болгон кыйынчылыктар.
Чет тилде сүйлөшүүдөгү кыйнычылыктар негизинен, тилди жаңы өздөштүрүп баштаган адамдарда жаралат. Ушундан улам, көптөр убакыттын өтүшү менен коркуу сезими жана ыңгайсыздык өзүнөн-өзү жоголуп кетиши мүмкүн деп ойлошот. Бирок бул ой жаңылыштыкка түрткү берет. Анткени, тилди жогорку деңгээлде сүйлөгөн адамдар дагы тил көйгөйүнө дуушар болушу толук мүмкүн.
Тил тоскоолдуктарынын эки түрү бар.
Биринчиси, лингвистикалык тоскоолдук. Анын себеби, адамдын өз оюн билдирүү үчүн сөз байлыгы же грамматикалык структуралар боюнча билими жетишсиз. Мындай тоскоолдукту жеңип өтүү салыштырмалуу оңой. Тил үйрөнүүнү улантып, көбүрөөк сөздүк жаттап, грамматика, угуу же сүйлөө көнүгүүлөрүн жасоо, чет тилиндеги китептерди окуу керек. Бул жерде эң башкысы тил үйрөнүп жаткан адам жалкоо болбошу керек.
Бирок тилдик тоскоолдуктун экинчи түрү — психологиялык абал. Аны жеңүү бир топ кыйыныраак. Мындай тоскоолдуктун пайда болушунун негизги себеби:
1. ката кетирүүдөн коркуу,
2. маектешибиз үчүн акылсыз же билимсиз көрүнүү,
3. сүйлөшүп жаткан адамды түшүнбөй калуудан коркуу
4. өзүнө же өз билимине ишенбегендиктен келип чыккан коркуу.
Сиз экзамен тапшырып жатпаганыңызды же маектешиңиз мугалимиңиз эместигин ойлонуп, эсиңиизге сактаңыз. Маектешиңиздин милдети — чет тилин сиз канчалык деңгээлде өздөштүргөнүңдү текшерүү эмес. Андан тышкары, көпчүлүк адамдар эне тилин үйрөнүп жаткан чет элдиктерге карата жылуу мамиледе экендигин унутпаңыз. Алар чет тилде сүйлөө канчалык кыйын экендигин түшүнүшөт жана колунан келген жардамын аяшпайт.
Жаңы сөздөрдү үйрөнгөндө, аларды күбүрөнүп эмес, үн чыгарып айтыңыз. Ар бир сөздү ойлонуп айта билиңиз. Ошол замат сөзгө мисал ойлоп таап, аны үйрөнгөн сөздү өз сөзүңүздө канчалык деңгээлде колдоно алганыңызды текшерүү үчүн сүйлөм түзүңүз. Эгерде сиз өз алдынча мисалдарды ойлоп табууда кыйынчылык болсо, диалогдорду жаттап алыңыз. Адамдын эс тутуму ассоциативдик мүнөзгө ээ. Андыктан жатталган «шаблондор» айрым коммуникативдик кырдаалдарда сиздин эсиңизде пайда болот жана алардан толук билдирүү түзүү сизге бир топ жеңил болот.
Эгерде сиздеги тилдик тоскоолдук маектешип жаткан адамды түшүнбөй калуудан коркуу менен байланыштуу болсо, анда андан жайыраак сүйлөөсүн же бир нерсени туура эмес укканыңызды же туура эмес түшүнгөнүңүздү сураңыз. Эгер өзүңүз маектешиңизге түшүнүү кыйын болуп жаткандыгын түшүндүрбөсөңүз, анда ал өзү бул жөнүндө божомолдоосу кыйын. Демек, сизге жардам бере албай тургандыгын ойлонуп көрүңүз.
Тилдик тоскоолдуктан чыгуунун жакшы жолу — өздөштурүп жаткан чет тилде сүйлөшүү үчүн чакан максаттарын коюу жана аларга жетүү. Мисалы, сиз чет өлкөдө эс алып жүрсөңүз жана жергиликтүү дүкөндөн бир нерсе сатып алышыңыз керек болсо, анда аны кантип аткараарыңызга эмес, тапшырманын өзүнө көңүл бурууга аракет кылыңыз. Эгер сиз сатуучу менен байланышуу үчүн сөз байлыгыңыз жетишсиз деп ойлосоңуз, жаңсоолорду колдонуңуз. Сүйлөшүү учурунда сиз унутуп же башка сөздү айтып алганыңызга уялып же коркпоңуз. Эң негизгиси — максатка жетүү, б.а. пландаштырылган нерсени тилди колдонуп сатып алуу.
Ар кандай тилде ыңгайлуу баарлашуу үчүн салыштырмалуу аз сөз байлыгы жетиштүү экендигин унутпаңыз. Минималдуу 800 сөз сизге керектүү. Эгерде сиз чет тилиндеги туура сөздү билбесеңиз, окшошторун издеп, сүрөттөөчү конструкцияларды колдонуп, татаал түшүнүктөрдү жөнөкөй мисалдардын жардамы менен түшүндүрүңүз. Кээ бир кезде сүйлөөчүлөрдүн өзүлөрүндө ойлорун так айтууга жетиштүү сөздөр жок болуп калса, ымдоо жана жаңсоолор менен билдирүүгө аргасыз болушат.
Өзүңүздү туруктуу практика менен камсыз кылыңыз. Грамматикалык эрежелерди жана өзгөчө учурларды жаттап алуу үчүн күн сайын окуу китептерин тешип отуруунун кажети жок. Өзүңүзгө жаккан ишти тандаңыз: чет тилиндеги сүйүктүү тасмаларыңызды же программаларыңызды көрүңүз, чет элдик ырларды угуңуз, Skype аркылуу сиз өздөштүрүп жаткан тилде сүйлөгөн досторуңузду табыңыз. Чындыгында, туруктуу тажрыйбасыз ар кандай билим акыры пассивдүү болуп калат.
Керектүү! Англис тилин өздөштүрүүгө акысыз ресурстар
Окуучулар чет өлкөлүк ыктыярчылардан тил үйрөнүүгө кызыгат
Хан Академиясынын сабактары кыргыз тилине которулууда
Касиет Кубанычбек кызы