Базар-Коргон районунда пахта эгүү менен алектенген дыйкандарды сапаттуу үрөн менен колдоо иштери жүрүп келет.
Пахта ачылып, дыйкандар пахта терип жаткан мезгил
Бул максатта Сейдикум айыл аймагындагы “ННН-3” үрөнчүлүк чарбасында пахтанын үрөнүн өндүрүү иши жолго коюлган. Үрөнчүлүк чарбадагы 30 гектар аянтка пахта эгилип, андан сапаттуу үрөн алуу аракеттери азыр да улантылууда.
Чарбанын жетекчиси Абдыгапар уулу Нурландын берген маалыматына караганда, жыл сайын дыйкандар үчүн 11-12 тонна үрөн жетиштирилсе, быйыл аны 15 тоннага жеткирүү аракети бар. Быйылкы жылдын түшүмү жетилип, биринчи терим аяктады. Азыркы эсептөөлөр менен гектарынан 15 центнерден түшүм алынды, эми экинчи теримде түшүмдүүлүк 20 центнерге жетиши күтүлүүдө.
Пахта талаасы
Үрөнчүлүк чарбанын иши, азыркы абалы менен таанышуу үчүн район акими Бакыт Козуев баштаган адистер барышып, быйылкы жылдын жыйынтыгы кандай болору, кийинки жылда кандай түшүм алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баарлашып кайтышты.
Базар-Коргон районунун акими Бакыт Козуев пахта талаасында
Ооган- Талаада жеке ишкер спорт зал куруп берди
Тимурлан Мелисбеков, Камбарали кызы Гүлназ