Инаят Мамбеталиева Таш-Көмүр шаарында жашайт, анын балдары, небелери бар. Көп жылдардардан бери “Жаштык” кафесинин ээси. Ал шаардын борбордук эс алуу багында көлөкөлүү, кооз бурчунда жайгашкан. Бул жерди жаштар дагы жана улуу шаардын тургундары жакшы көрүшөт. “Мен бала чагымдан эле тамкты жакшы даярдоого үйрөнгөм. Ар бир тамакты мен жан дүйңөм менен даярдайм” – деп айтат Инаят.
Инаят дайыма өзүнүн ашканасына келген кардарларына эс алуусу ыңгайлуу жана кооз болушун каалайт.
Инаят жашынан аябай көп эмгектенген, бир жерде эле отурбаган, капитал топтогондон кийин Таш-Көмүрдө “Шерхан” май куюучу жай курганга жетишти. Андан кийин эжебиз кафе менен алек болду. «Ошондуктан ал май куюучу жайын саттып жиберип “Жаштык” кафесин алган. Ушул жумуш менен адамдарга кубаныч тартуулайм»— деп ойлойт Инаят.
Кафеде салтанаттуу жолугушуулар, төйлөр, юбилейлер, эскерүү кечелер тез-тез өтүүдө. “Мен жашымдан эле эмгектенгенди жакшы көрөм, бул менин келечегиме абдан жардам берди. Ар бир жумушчуга жекече мамиле жана тил табышууга аракет жасайм” – деп кошумчалайт ал.
Инаяттын ою боюнча адам төрөлгөндө эле Кудай озүнөн ырыскысын чачат экен. Ошондуктан ырыскыны жоготпой, аны бекем кармап турмуш куруп кеттү ар бир адамдын колунан. Эң негизги эле – бул эмгектениш керек. Ар бир жумушту чын журөгүнөн жасасаң, үзүрүн көрөсүң. “Бардак тапкандарым бул көп жылдык эмгектин жыйынтагы” – дейт Инаят.
Ал ар бир адам негизинен өзүнөн Мекенинин, жасап жаткан жумушунун патриоту, мыкты адиси болуш керек — деп ойлойт Инаят. Ар бир ишти баштап жатканда чын жүрөгүң менен беримимиң керек. Жакшы көрсөткүчтөргө жетиш үчүн ар бир адам чынчыл, эмгекчил болуп, алдыга койгон максатына умтулууга тийиш деп санайт Инаят. “Келечекте лидер болом деген жаштарга каралардын батасын алып жана ар бир адамдын сыйына ээ болуш керек” — деп жаштарга кенеш берет Инаят.
Анын балдары жана небелерели мыкты жардамчылар болгондуктан баштаган эмгеги дагы өнүгөт деп ишенет. Аларды Инаят татыктуу тарбиялоо менен эмгекке үйрөткөн. Алар апасынын,чоң энесенин кенештерин туура кабыл алышып, ийгиликтерге жетишкенге жардам беришет.
Авторлору: Мирлан уулу Шерхан, Данияр Каргабаев