Ысык- Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында күз мезгили айыл тургундарына абдан жагат. Күзүндө эгин, картошка жыйналат. Элдин баары быйыл күздүн берекесине ыраазы, быйыл күз мезгили түшүм мол мезгил болду дешүүдө.
Тасма айылынын тургуну Лиза Турганбаева айтуусунда быйыл күз айында түшүм мол болгондугун билдирди:
«Тасма айылынын күзгү өзгөчөлүктөрүн айтсам, аябай жагат, эгин себилет талаага, картошка себилет ошол эгиндерибиз жакшы чыгып берди. Көп элдин ыраазы болуп жаткандарын уктум. Жайдын апталуу ысыгында бир айдай ысык болсо дагы эгинибиз такыр чыкпай калбай, жакшы чыгып берди элдер күздүн берекесине ыраазы. Анан картошколар себилет, картошкаларды дагы жакшы алышты элдин баары аларга деле ыраазы болуп жатышат. Анан дагы өзүбүздүн үйдөгү сепкен жашылча жемиштер өзүбүз өзүбүзгө ыраазыбыз, анткени өзүбүз огородко сепкен жемиштерибиз химикатсыз, органика менен себип таза жер- жемиштерди балдарыбызга берип, балдарыбызды таза органика менен тамактандырууга калыптанып калдык. Күзгү түшүм сепкен эгиндерибиз жакшы. Быйыл огороддогу сабиз, жүгөрү, пияз, помидор, бадыраң аябай мөмөлөрүн жемиштерин жакшы берди. Быйылкы күз берекелүү күз болду. Кышка даярдык аябай жакшы болот. Картошка өзүбүздүн огороддон казып өзүбүздүн кампага сактайбыз. Буудай, арпаларды сактайбыз, капусталарды дагы сактайбыз, бадыраңдарды туздайбыз, пияздарды казып сактайбыз, кышкыга даярдык ушундай»,- деп билдирди айыл тургуну.
Тасма айылынын тургуну Чолпон Маданбекова оз оюн төмөндөгүдөй билдирди «Күз башка мезгилдерге караганда кооз, аябагандай өзгөчөлүктөрү бар. Биз кышка балдарды жылуу кийинтип, отундарды даярдап, кышка жакшы даярданып жатабыз. Мага күз кооздугу менен жер- жемиштердин молдугу менен жагат»,- деп өз оюн айтып
өттү айыл тургуну.
Аталган айылдын тургуну Гүлжамал айымдын айтуусунда:
«Күздүн өзгөчөлүктөрү эгин жыйналат, картошка жыйналат, алма мөмөлөр жыйналат, кышка даярданат, отун камдайт күздүн арты кыш болот, көмур алмай, ун, талкан камдамай, малдарга жем камдамай, күз өтө берекелүү мол түшүм болот. Мөмөлөр бышат, малдар семирет, тойлор болот»,- деп билдирди.
Даярдагандар: Фатима Эсенканова, Жибек Мелисова, Аяна Элеманова, Аяна Айбек кызы, Касиет Керезбаева