Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинин спортчулары Грек-рим күрөшү боюнча командада 2-орунду алып келишти. Учурда окуучулар жакынкы аралыкта болуучу спартакиядаларга даярданууда.
Грек-рим күрөшү ачылганына алты жылдын жүзү болду. Аталган спортчулардын машыктыруучусу Тилекмат Атагулов учурда 30 баланы тарбиялайт. Алардын жетиси чемпион.
“5-апрелде облустук Манасияда болот. Бул ийгилик бизге абдан жакшы болду, облуска жана республикага жолдомо алдык. Мындан ары дагы улантып кетебиз”, — деп билдирди Атагулов.
Грек-рим күрөшүнүн катышуучусу Эламан Асылбек уулу күрөштө биринчи орунду алып келген. Бул ийгилиги өзүнө чоң таасир бергенин айтты.
“Күрөшкө катышканыма 5 жыл болду. Мындан мурун да көптөгөн ийгилик жараткам азыр 35 медалым бар. Мындан ары да күрөштү уланты кетем”, — дейт Асылбек улуу.
Мектеп мугалими Эркинбек Көчөрбаев окуучулар грек-рим күрөшү уюштурулгандан бери ийгилик жаратып, 2014-2015-жылы биринчи орунду ээлеп келгендигин айтат.
“Бул ийгилик окуучунун дене түзулүшун өсушүнө, өз ара ынтымакка, ар-бир элдин достук байланышына, дүйнөгө болгон көз карашына таасир берет. Ушуну жетектеп машыктырып келе жаткан Тилекматка ыраазыбыз”, — деп айттып өттү.
Даярдаган: Адина Игнатбекова
Сынак үчүн