Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылындагы Жылдыз көчөсүндө көп жылдан бери таза суу көйгөйү чечилбей келген. Маселе ордунан жылып, эми Жылдыз көчөсүнүн тургундары бир айдан кийин таза суу ичип калышат.
Учурда Жылдыз көчөсүнүн тургундары трактор айдатып келип, суу түтүктөрүн орнотууга жер казылып жатат. Бул тууралу Кара-Суу айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Бейшенбек Үсөнканов менен маек курдук.

— Ушул маселени Жылдыз көчөсүнүн тургундары чогулуп чечтик. Мурунку түтүктөр эскирип чирип калган. Анан биз трактор жалдап келип жер каздырып жатабыз. 1-метр жерди 50 сомдон казат экен. Анан баарын эсептеп чыксак 27 000 сом болот 500 метр жерге. Айыл өкмөтүнөн каражат сурап алдык. Калган жетпей калган каражатты Жылдыз көчөсүнүн тургундары чогултушту. Көп жылдан бери чечилбей келген маселебиз чечилди буйруса. Ушул жерге суу келсе бала-бакырабызга жакшы болот. Бак тигейин десең жайында суунун жоктугунан куурап калчу.

Жылдыз көчөсүндө 20 үй-бүлө жашайт. Аларды бири Алмака Алыкулова буга чейин мал ичкен кудуктан суу ташып ичкенин айтат.
«Эми ушул чечилгенине кубанып жатабыз баарыбыз. Баарыбыз бир кудуктан суу алып ишчүбүз, малдагы иччү. Ар бир үй-бүлө 1400 сомдон чыгарып тракторго төлөдүк. Жерди казып бүтөөр менен суу түтүктөрү коюлуп, суу ичип калабыз», — деп кубанычы менен бөлүштү Алыкулова.

Аталган көчөнүн дагы бир тургуну Шамбет Кумбашев:
— Жылдыз көчөнүн тургундары менин үйүмдүн жанына кудук чыгарып суу алып турушчу, ал жерден мал да суугарылчу. Эми көйгөйүбүз чечилип калды. Буйруса казып бүтсө бир айдын ичинде Жылдыз көчөсүнүн тургундарынын баары суу менен камсыз болушат.

Даярдаган: Элзат Джумабаев
Тренер: Азирет Туратбеков
Сынак үчүн