Жал айылынын Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясында “Билим берүү мейкиндигинде инсанды ишке ашыруунун каражаты катары окуучулардын изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү” деген темада 22-февралда Сокулук районунун окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басарларынын семинары өттү.
Семинардын башталышында мектеп-гимназиянын директору Динара Султаналиева мектеп жөнүндө кыскача маалымат берди. Окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары Чынара Сасыкулова, Асель Самаркулова тема боюнча тренинг өтүштү. Тренингге Сокулук районунун билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Махабат Абдраимова жана 40 мектептин окуу бөлүмүнүн башчылары катышып, 32 ачык сабак өтүлдү.
Тренинг учурунда
Сокулук районунун Новопавловка гимназия орто мектебинин окуу тарбия иштери боюнча орун басары Светлана Вихарева. Презентация учурунда
Кесиптештер ой бөлүшүүдө
Военно-Антоновка орто мектебинин окуу тарбия иштери боюнча орун басары Асел Кошоева
Сокулук районун Төмөнкү Чүй №1 орто мектебинин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Гулмира Ураимбердиева:
“Бүгүнкү семинар жакшы семинарлардын бири болду. Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын мугалимдери өздөрунун кесипкөйлүгүн менен башка семинарлардан айырмаланып сабак беришти. 32 ачык сабак өтүлүп, “ эң жакшы” деген баага бааланып, мектептин жамаатына жакшы саамалык болду. Сабак өткөн мугалимдерге ыраазычылык билдиребиз. Иштерине ийгилик, ден соолук каалайбыз. Мындан ары дагы мугалимдердин өткөн сабактары бүгүнкү күндөй болушу, билим берген окуучуларына көптөгөн жетишкендиктерге ээ болууларына, изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүүсүн өрчүтөт”,-деп айтты
Сокулук районун Зууракан Кайназарова атындагы орто мектебинин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Руслан Жокушов:
“Семинар абдан жогорку деңгээлде өтту. Семинарга жалпысынан 40 мугалим келип, 32 мугалим сабак бергендиктен ар бир сабакка бир жана эки мугалимден катыштык. Сабакты даярдаган мугалимдерге “эң жакшы” деген баалар берилди. Мектеп директоруна , окуу бөлүмунүн башчысына жана жалпы коллективге рахмат”,- деди.
Сокулук районун Дайыр Дооронбеков атындагы орто мектебинин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Нураида Бердигулова:
“Семинар абдан жакшы өттү. Азыркы мезгилдеги глобалдуу тема болуп жаткан изилдөөчүлүк чыгармачылык боюнча өттү. Сабактардын баары темага ылайык келди. Бардык мугалимдер изилдөөчүлүк чыгармачылыкты колдонушту. Окуучулардын баары активдүү катышышты. Чынара Сайпудиновнага ыраазычылык. Семинар эң жогорку деңгээлде өттү”,-деди.
Билим берүүдө окуучулардын изилдөө ишмердүүлүгүн ишке ашырууда мугалимдердин чыгармачылык ишиндн ийгиликтер жаралсын.
Алия Исакова, Берметкан Исабекова