Жал айылындагы Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясында “Ооган согушу тарыхтагы өчпөс так” аттуу иш-чара болуп өттү. Ооган согушунун ардагерлери мектепке чакырылып, алардын катышуусунда класстык сааттар өткөрүлдү. “Жоокерлерге таазим!” аттуу концерттик программа тартууланды.


Динара Султаналиева Р. Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын директору
«Жыл сайын салтка айланган иш-чарабызга Ооган жана Баткен согушунун ардагерлери төмөндөгү класстардын даярдаган тарбиялык сааттарына катышышты.
6-в класс “ Ооган жоокерлерине таазим”, 7-б класс “ Ооган согушу – жүрөгүмдүн оорусу” 7-в класс “ Ооган согушунун тарыхый тактары”, 6-гкласс “Эхо Афганской войны”, 8-а класс “Кайгылуу тагдырлар, төгүлгөн көз жаш- Ооган согушу”. Тарбиялык саатта окуучулар ардагерлерге суроолорун берип, маектешүүгө да убакыт бөлүндү.
Бул иш-чаранын максаты жаш муундарга тынчтыктын баалуулугун, ошол учурдагы аскерлердин баскан жолдорун тарых барактарынан таануу аркылуу жер жүзүндө тынч жашоо өтө керек экендигин үйрөтүү жана тарбиялоо. Иш-чарабызга ата-энелер да катышты. Ошондой эле мектебибиздин бүтүрүүчүсү, Сарбан айылынын тургуну генерал-майор Асанбек Алымкожоев да келип, 9-10-11-класстын окуучулары менен жолугушуп, жаш муунга талыкпай билим алуусун, ошол эле учурда ден соолукка да көңүл бурууну баса белгиледи. Азыркы мезгилде компьютердин заманы жөн гана телефон тиктеп отурбастан, керектүү маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгү бар. Интернеттин жакшы пайдалуу жактарын алгыла. Кесип тандоого азыртадан даярдангыла. Мугалимдерди ар дайым сыйлагыла. Өзунүн мугалимдери Апес агай, Суран эжей, биринчи мугалими Токтомуш агайы тууралуу жакшы сөздөрүн айтты. Аскер кызматкери болом десеңер биринчиден ден соолук жана окууга, жоопкерчиликке үйрөнгүлө. Ушундай жолугушууларды атайын темаларды коюп, өткөрүп турууну сунуштады»,-деди.

Генерал-майор Асанбек Алымкожоев мугалимдер жана окуучулар менен

8а класстын окуучулары ардагерлер менен

Ооган , Баткен согушунун ардагерлери жана окуучулар
Дүйнө жүзүндө тынчтык болсун. Балдар бактылуу балалыкта өсүшсүн. Аталардын эрдигин түбөлүккө унутпайлы.
Берметкан Исабекова