«Соң-Көл» орто мектебинде 1-декабрь «СПИДге каршы күрөшүү күнүнө» карата 8-9-10-11-класстар аралык тегерек стол болуп өттү. Бул иш- чара бир айлыктын негизинде болуп жатат.
Бул тегерек стол СПИД деген кандай оору, андан кантип сактаныш керек деген суроолордун тегерегинде болду. Аны мектептин социалдык педагогу Тамара Бакирова уюштурду. «Бул тегерек стол 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулган иш- чарабыздын бир бөлүгү. Мында балдарга СПИД кандай оору, андан жабыркагандардын тагдыры, жуу жолдору, кандай убакта жуукпайт, кантип сактаныш керек деген суроолордун тегерегинде түшүндүрүү иштери болду. Дээрлик бул илдет тууралуу балдарда маалымат бар. Бирок, турмушунда өз ден соолугуна кам көрүшсүн деген максатты көздөдүк», -дейт мектептин социалдык педагогу.
«Бүгүн биздин мектепте тегерек стол болуп өттү, биз ал жакта көптөгөн маселелерди талкууладык. Андан сырткары көп пайдалуу нерселерди билдик. Айрыкча оорудан жабыркаган адамдардын тагдыры аябай кейиштүү болду. Менин оюмча мындай талкуу сабактарга негизи активдүү катышуу керек», -дейт 9-классынын окуучусу Жаныбек Нурбеков.
Елена Амангулова