Төлөк айылы климаты оор аймак, бул жерге көчөт отургузуп, анын түшүмүн көрүүгө мүмкүн эмес. Бирок, жапайы чычырканак көп жылдан бери түшүмүн берип келет. Аны айыл тургундары дарычылыкка көп колдонушат.
Чычырканак жаңыдан бышып баштады
Чычырканак 7-12жылдык жашында толук мөмө байлай баштайт. Жапайы өскөн түбү эки килограммга чейин бериши мүмкүн. Чычырканактын мөмөсү эң баалу чийки азык. Ал даамын жана дарылык касиетин жоготпостон сакталуу жагынан мыкты. Мөмөсүнөн алынган чычырканак майын күйүккө, үшүккө, ашказандын жарасына, оңойлук менен бүтпөгөн сырткы жараттарга жана көп башка ооруларга колдонушат. Бирок, тилекке каршы, айрым адамдар чычырканактын мөмөсүн сындырып, жулуу менен жыйнашат. Мында жаратылышка эч ким аяр мамиле жасашпайт, бул өсүмдүк коргоого алынган да билишпейт. Анан бара-бара өсүмдүк жок болууга учурайт.
Ар бир мөмөсүндө витаминдер көп
Айыл тургундары бул өсүмдүктү колдонуп көрүшкөн, дарычылык касиети бар экенин да билишет.
«Бул өсүмдүк суу жээктеп өсөт. Жапайы чычырканактын түрүнө кирет. Кыш айына чукул мөмүсүн чогултса болот. Андан сырткары ашказан оорусуна да чоң дарычылык касиети бар. Тамактан кийин чай менен ичсе абдан пайдалуу, тамак сиңирүүгө жакшы жардам берет. Сууга чукул сарайда жашагандыктан, кышында бир аз терип алам, андан кыям жасайм. Данегин чай катары кургатып алса да болот. Бирок өтө көп терип, жабыркатып жаткандарды көрүп, аларга кайрылат элем, мөмөсүн алгыла, бирок талкалаба!»-дейт Жаңыл Бейшенбиева.
Жаңыл Бейшенбиева
Шагын сындырбай мөмөсүн теришсе
Төлөк айылында жалгыз мөмөсүн берген шак-чычырканак. Бул коргоого муктаж болуп баратат. Аны талкалоого жол бербешибиз керек. Айрыкча жаш балдар шагын сындырып жатканы кейиштүү.
Чычырканакты жабыркатпа!
Мирайым Конокбаева