Төлөк айылындагы Нарын Жогорку чыңалуу электр тармактар ишканасында үч адам кезетме менен эмгектенишет. Алардын кызматы элге үзгүлтүксүз электр энергиясын жеткирүү коопсуздугун көзөмөлдөө.
Сары-Булак подстанциясы Төлөк айылында жайгашкан. Бул подстанциядан Төлөк, Сары-Булак, Ак-Кыя айылдарына электр энергиясы тарайт. Анда үч кызматкер кезектешип эмгектенишет. Алардын бири 24 жылдан бери коңшу айылдан келип иштеп жаткан Эмил Мусаев. Ал бул кызматка бел ашып Сары-Булак айылынан келип иштейт.
«Аба ырайы бузулганда жумуш абдан көп болот. Себеби, айылда шамал көп болгондуктан электр энергиясы өчүп калат. Андыктан өчкөн жарыкты узак убакытка жеткирбей жандырышыбыз керек. Бул учурда оңдоочу кызматкерлер аварияны жеринен таап, тез оңдоого аракет кылышат. Бирок 24жылдан бери өтө чоң көйгөйгө учурай элекпиз», -дейт.
Максат Буудайчиев Төлөк айылын тургуну, бул жумушка 15 жыл мурун келген.
«Биз үч адам кезектешип иштейбиз. Ишибиз эртең мененки сегизден бир күндүк болуп кийинки күндүн таңкы саат сегизге чейин уланат. Кезекке келгенде электр энергиясынын таралуу абалын көзөмөлдөп турабыз. Түнкү убакта кеңсебизде тынымсыз көзөмөл иштерин кылабыз. Жумушум өтө деле оор эмес, айрым убактарда электр энергиясы аварияга учураганда элдерден тынымсыз чалуулар келип, тынчыбызды алат. Ал учурда сабырдуулук менен түшүндүрүү иштерин кылууга аракеттенебиз. Оңдоо иштерине чыккан жумушчуларыбызга аябай эле оор, суукта тоңушат, ысыкта карагайга чыгууда кыйналышат, бирок андай оорчулуктарга карабай тез иштегенге көнүштү»,-дейт.
Жасмина Мырзабекова