Онлайн билим алууну мектеп окуучулары Ковид-19 пандемиясынан кийин абдан жакшы өздөштүрүүгө жетишишкен. Окуучуларда көндүм болуп калыптанып калган онлайн билим алуунун актуалдуулугу күн санап өсүүдө.
Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде билим алып жаткан окуучулар мектептен тышкары да кошумча онлайн курстардан билим алышууда. Көпчүлүгү чет тилдерге жана ЖРТ тестке басым кылышат. Себеби, айыл жергесинде бул багыттар боюнча курстар жокко эсе. Ал эми шаарга барып билим алып келүүгө баарында эле мүмкүнчүлүк боло бербейт.
«Мен түрк тилин жана ЖРТ тестке даярдоо боюнча билим алып жатам. Онлайн сабактарды курстун жеке сайтынан, инстаграм жана телеграм каналдарынан окуйм. Бул курстарга катышууда эгерде окуучу жакшы натыйжа алам дей турган болсо, анда абдан жоопкерчиликтүү мамиле кылышы керек.
Мектептен тышкары кошумча билим алууда окучунун кызыкчылыгы эске алынуу менен тапшырмалар берилип турат. Ошондуктан эгерде окуучуда кызыгуу жакшы болсо, мыкты жыйынтык алууга болот. Билимден сырткары бизге кураторлор тарабынан билим алууга, жаңы кадамдарды таштоого шыктанууларды берип турушат»,-дейт Тамара Чойбаева.
Жоодар Талантбеков Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 8-классында билим алат. Ал акыркы үч жылдан бери мектептен тышкары Нарын шаарынан Lingua окуу борборунан билим алат. Жоодар сабактан кийин жумасына үч жолу Нарын шаарына барып келет. Ал англис тилинин тандаганынын себеби, дүйнө өлкөлөрүнө саякат кылгысы келет.
«Мага курска барып билим алган абдан жагат. Курста шар сүйлөгөнгө басып жасалып, бизде окуу тажрыйбалары көп болот. Бул курстан мен англис тилинде эркин сүйлөгөндү үйрөндүм. Алгач мени менен шаарга атам барып келчү, кийинчерээк өзүм эле барып келе баштадым. Азыркы учурда кыш мезгили болуп калгандыктан машина табуу бир аз кыйынчылык болот, бирок мен ага карабастан билим алууну улантам.»
Акылай Сейитбекова онлайн курстун биринчи бөлүмүндө жакшы окугандыктан, экинчи бөлүмүнө бир айдан кийин эле которулуп кеткен. Окуучунун шык жөндөмүнө карата билим берүү өз кезегинде жемиштүү болоорун айтат:
“Мен орус жана англис тилдерин окуп жатам. Билим алып жатканыма эки ай болуп калды. Алгач биз окуп, тесттен жакшы балл алгандыктан дароо мен кийинки курска кошулдум. Курста мектептен айырмаланып, фильмдерди көрөбүз, чет тилинде дилбаяндарды жазабыз жана оозеки баарлашуу боюнча машыгуулар көп болот. Тапшырмаларда предмет аралык байланыштар, кызыктуу фактылар, жашоо турмуш менен байланышкан суроолор көп болот. Муну менен катар катышуучуларда башка багыттар боюнча да билим деңгээл жогорулайт экен. Эң кызыктуусу билим алууда курстун бүтүрүүчүлөрү менен маек куруу, тажрыйба алмашуу жаңы катышып баштагандар үчүн шыктандыруучу чөйрө түзүп бергендигин айтат элем.»
«Онлайн курсту интернеттен билип, жазылгам. Мен англис жана түрк тилдерин окуп жатам. Мен окуп жаткан курста белгилүү бир темага бир айдан алты айга чейин ачык мүмкүндүк берилет. Бул аралыкта темаларды кайталап окуганга болот. Бул өз кезегинде абдан жакшы натыйжа бере алат экен, себеби, айрым жерлерди унутуп кала турган болсок, теманы ачып кайталап алууга мүмкүн. Бир эле мугалимден эмес, бир нече мугалимден билим алуу да жакшы экен. Себеби, ар бир педагогдун методикасы ар башка болгондуктан, бир теманы ар багытта түшүнүүгө болот»,-дейт Акылай Ыдырысова.
Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде учурда 599 окуучу билим алат. Алардын 32си бүтүрүүчү класста билим алгандар.
Акылай Алмазбекова