Терек-Суу айылында жайгашкан №11 электрондук китепкана 2014-жылдан бери иштеп келет. Ак-Бакай Жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы китепканага барып, айыл тургундарынын китепке болгон кызыгуусу тууралуу билип келди.

Аталган китепкананын кызматчысы Акылай Өзүбекова 30 жылдан бери бул жерде иштеп келет. Күнүнө 500дөн ашык окурман келээрин айтат.
“Китепканага бир жылда 600 окурман келет, алардын 300ү мектеп окуучулары, калган 300ү орто жана улгайган курактагы айыл тургундары. Окурмандар көбүнчө көркөм адабиятка, Манас эпосуна жана окуучулар жомок китептерге кызыгышат”, — дейт китепканачы Өзүбекова.

7-класстын окуучусу Мырзагүл Рысбек кызы китепканага дайыма келип китеп окуурун айтат.
“Мен эки жылдан бери китепканга келип китеп окуйм, мага көбүнчө жомок китептер жагат. Бул жерден мен көңүлүмдөгүдөй китепти ар дайым таба алам. Китепканачы келген окурмандардын бардыгына жакшы мамиле кылат”, — дейт 7-класстын окуучусу.

Тургун Суранчиев атындагы оорукананын медайымы Айгүл Алымова көбүнчө энциклопедияларга кызыгаарын айтат.
“Мен бул китепканага көптөн бери келип, китеп окуп турам. Мага көбүнчө энциклопедиялар жагат. Мен бул жерден өзүмө керектүү китепти дайыма таба алам”, — дейт медайым Алымова.



Даярдаган: Гүлзина Дүйшөнбек кызы
Редактор: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн