Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан «Алина» кондитердик ишканасы көп жылдан бери иш алып барып келет. Ишкананын технологу Дилдекан Кожокеева кондитердик продукциялары кеңейгендигин билдирди.
«Алина» кондитердик ишканасынын технологу Дилдекан Кожокееванын айтымында, өндүрүш кеңейгенден кийин, жумуш орду көбөйгөн.

“«Алина» кондитердик ишканасынын өндүрүштөрү кеңейди, башында биз булочка, нан менен баштаганбыз. Андан кийин кекс, коржик, пряниктерди чыгара баштаганбыз. Быйыл, 2017-жылдан баштап рулет, тортторду кошуп чыгарып жатабыз. Өндүрүш кеңейгенден кийин жумуш орду көбөйдү. Башында 3-4 кыз иштеген болсо, азыр 5-6 кызды жумуш менен камсыз кылып жатабыз. Өндүрүлгөн продукцияларды өзүбүз Терек-Суудагы базарга алып чыгып сатабыз, Токтогулга дагы алып барып койдуруп жатабыз, Терек-Суудагы магазиндерге койдуруп жатабыз. Бирок, айыл кичинекей болгондугуна байланыштуу, продукциялар анча өтпөй кичинеден өтүп жатат. Алдыда дагы ишкананы кеңейтсек, айылыбызга кызмат кылсак, айылдагы кыз-келиндерди жумуш менен камсыз кылсак деген ойлорубуз бар”, — деп айтты Кожокеева.

Ишкананын дайымкы кардары, Терек-Суу айылындагы дүкөндөрдүн биринин кожоюну Жеңишбек Кабылбековдун айтымында, ишкананын өндүрүштөрү аны жана анын кардарларын канааттандырат.

“Ишкананын өндүрүштөрүн көптөн бери алып келем. Мен рулет, пряниктерин алам. Мени жана менин кардарларымды «Алина» ишканасынын өндүрүштөрү канааттандырат”, — дейт Кабылбеков.
Даярдаган: Нуржамиля Момункулова
Редактору: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн