Токтогул районундагы Терек-Суу айылынын тургуну Мадыш Шайдылдаев эки жылдан бери үй тиричилик техникаларынын бардык түрлөрүн оңдоп келет. Анын кардарларынын айтымында, ал жабдыктарды сапаттуу, арзан баада жана кыска убакытта оңдойт.
Мадыш Шайдылдаев 42 жылдан бери электрик болуп эмгектенип келген. Ал эмгек өргүүсүнө чыккандан кийин элдин техникасын оңдоп иштей баштаганын айтат.
“Колум бош убакта үйдө жөн отурбай эки жылдан бери элдин майда-чүйдө үй техникаларын оңдойм. Эл көнүп калды тиричилик техникалары бузулса, алып келишет, рахматын айтып алып кетишет, мен элге ыраазымын. Тетиктерин шаардагы балдарым салып жиберишет, мен бул жакта элдин муктаждыгын канаатандырып жатам”, — деди ал.


Тиричилик техникаларын оңдоо анын хоббисине айланган. Анткени элдин жабдыктарын оңдоп, пайда табууга кызыкпасын айтат.


Анын кардарларынын бири Сабишбү Ормонбекованын айтымында, Мадыш устага Терек-Суу айылынан гана эмес, коңшулаш айылдардан дагы кардарлар келишет.
“Шайдылдаев Мадышты эң жөндөмдүү электрик деп ойлойм, себеби Терек-Суу айылындагы бардык үй тиричилигине керектүү техникаларды оңдойт. Кыска убакта, сапаттуу, арзан баада оңдойт. Бир гана Терек-Суу айылы эмес, Чоң-Арык коңшулаш айылдардан дагы келип оңдотуп кеткендерди көрүп жүрөм”, — дейт Ормонбекова.
Даярдаган: Азима Нурбек кызы
Конкурс үчүн