Замира Абдулакимова орус тилин онлайн окуткан “Жашыл алма”мектебинин мугалими. Бул онлайн окутуу борборун ал эки жыл мурун түптөгөн. Замира бизге берген маегинде тил үйрөнүүдөгү тоскоолдуктар, өзгөчө ыкмалар жана курсттарды тандоодогу кеп – кеңештери менен бөлүштү.
Замира Абдулакимова орус тилин онлайн окуткан “Жашыл алма” мектебинин мугалими
“Билбеген уят эмес, үйрөнбөгөн уят!” Дал ушундай девиз менен Замира өзүнүн YouTube каналынан орус тилин акысыз үйрөтүп келет. Мындан тышкары, бул канал аркылуу тилди тез үйрөнүүгө карата ар түрдүү кеп-кеңешин берет.
— Орус тилин онлайн окутуп баштаганыңыздарга канча убакыт болду? Мындай окутуу идеясы кантип пайда болгон?
— Орус тилин онлайн окутуп баштаганыма 2 жыл болду. Тилди онлайн окутуу идеясы, буга чейин кадимки тил курстарында сабак берип жүргөн учурда жаралды. Анда, мага балдар кайрылган. Алар «биз эртеден кечке жумушта болуп, окуганга убакытыбыз болбойт экен, сиздин курска кечки саат тогузга келсек болобу?» деп сурашкан. Ал кезде биз таңкы сегиз жарымдан кечки жетиге чейин иштечүбүз. Ошондуктан, жок деп жооп бергем. Көп өтпөй ушундай сунуш кайра түштү. Эртеден кечке жумушта, балдар менен үйдө отургандар жана кадимки курска барып окуганга убактысы жок калктын катмарына да окуу үчүн шарт түзүү керек деп, маалымат издеп баштадым.
— Сиз YouTube каналыңыз аркылуу дагы ар түрдүү психологиялык кеңештерди берип келесиз. Тил үйрөнүүдө адамда кандай психологиялык тоскоолдуктар, кыйынчылыктар болот?
— Эң негизги психологиялык толкоолдук – коркуу. Туура эмес сүйлөп алуудан, ката кетирүүдөн, шылдың болуудан коркуу. Негизи, коркуу сезими жаңы ишти баштоодо ар бир кишиде болот. Ал коркуу сезимин жеңүү менен гана ийгиликтерге жетүүгө мүмкүн.
— Коркуу сезимин кантип жеңсе болот?
— Тил үйрөнүүдө коркуу сезимин жеңүү үчүн эң негизги эки нерсени эске алышы керек. Биринчиси: түшүнүү. Тактап айтканда, коркуу сезими баарында болот. Эгерде аракет кылып билимди толуктап, сүйлөгөнгө аракеттенүү менен ал сезимди жеңүү мүмкүн. Экинчи нерсе: ката кетирүүгө өзүнө уруксат берүү. Мен студенттериме, тил үйрөнүп баштаганда баарында бир аз ката болот деп көп кайталаймын. Анча-мынча ката кетирип сүйлөө, ката кетирем деп коркуп такыр сүйлөбөй койгондон көрө жакшы аракет.
— Орус тилин тез убакытта жана оңой жолдор менен үйрөнсө болобу? Анткени, акыркы убакта ушундай жарнамалар көбөйүп кетпедиби…
— Тез жана оңой деген түшүнүктөрдү мен антоним сөздөрдөй көрөм. Тез үйрөнүүнү каалагандар таатал жолду тандоосу керек. Себеби, эртеден кечке окуп, кайталап, жаттап, кайра айтып берип гана тез үйрөнүүгө болот. Ал эми оңой үйрөнүүнү каалагандар шашпастан, күнүнө аз — аздан окуп, узагыраак убакытта үйрөнө алат. Билим алууда тез жана оңой деген түшүнүк болбоосу керек. Биз баарыбыз, “билим алуу ийне менен кудук казгандай” — деген макалды унутуп калгандай көрүнөбүз. Бат жана оңой үйрөтөм деген курстарга жазылып алып, күткөн жыйынтык чыкпагандан кийин баарын күнөөлөп баштайбыз.
З.Абдулакимова: Тил үйрөнүүдө эң негизги тоскоолдук — коркуу сезими
— Мен билгенден сиздин тил үйрөнүүгө тийиштүү ыкмаларыңыз бар. Алар кандай ыкмалар?
— Менин ыкмаларым бул 4 багыт менен иштөө. Угуу, окуу, түшүнүү жана сүйлөө. Маалыматты угабыз, окуйбуз, түшүнөбүз жана андан соң сүйлөйбүз. Ушулардын бирөөсү жок болсо да жыйынтык чыкпай калат.
— Бүгүнкү күндө сиздерге көбүнчө канча жаштагы адамдар кайрылат? Алардын тил үйрөнүү жөндөмү канчалык?
— Жаш курагы ар түрдүү. Он жети жаштан алтымыш төрт жашка чейинки каалоочулар бар. Бизде окуган эң улуу эже алтымыш төрт жашта жана он жети жаштагы студенттерге салыштырмалуу ийгилиги жакшыраак. Мындан улам, биздин жыйынтык ар бир студенттин аракетине да көз-каранды болот.
— Негизи, тилди бала кезден үйрөнсө жакшы дешет…
— Бала кезде көп нерсени үйрөнүү жеңил болот. Бирок, жаш кезинде андай мүмкүнчүлүк жок болгон учурларда, эми мен үйрөнө албайм деп сарсанаа болуунун кереги жок. Кайсыл куракта болбосун, аракетине жараша жыйынтык чыгат. Кандай болсо да, кишинин аракети эч качан жыйынтыксыз калбайт.
— Бүгүнкү күндө орус, англис тилин окуткан курстар менен бирге, онлайн ресурстар да көбөйдү. Бир четинен конкуренция көп. Бирок, адамдар кайсынысына катышаарын билбей калууда. Сиз кандай кеңеш бересиз?
— Кишинин каалоосу жана аракети көп нерсени чечет. Көпчүлүк курстарда окутуу ыкмасы, маалымат бирдей эле болот. Курсту тандоодон мурун, ал жөнүндө малымат издөө керек. Мурда окугандардын ошол курс жөнүндө берген баасын, пикирин угуп, интернет аркылуу анализдеп, андан соң чечим чыгаруу керек.
— Орус тилин айына 350 сом, 500 сомго окутабыз деген WhatsApp, телеграм каналдары бар экен. Алардын эффективдүүлүгүн кандай деп баалайсыз?
— 350, 500, 2000 сом бул билимдин баасы эмес. Маалыматтын баары бекер. Китептерде, жана интернетте маалыматтын баары акысыз бар. Акча менен мугалим билимди же маалыматты сатпайт, акча менен мугалим өзүнүн маалыматты жеткирүү, окутуу ыкмасын сатат. Мугалим уникалдуу, пайдалуу, өзгөчө ыкма түзсө, ошого жараша баа коет. Эгерде мугалим өзүнүн эмгегин 350 сомго бааласа ал өз каалоосу. Менин оюмча баа дагы билимдин сапатына жараша болот.
Орус тилин онлайн жана акысыз үйрөнүңүз
Керектүү! Англис тилин өздөштүрүүгө акысыз ресурстар
Англис тилин аралыктан окуткан Памела айым
Касиет Кубанычбек кызы