Сокулук районунун Крупская айыл аймагында аймактарды өнүктүрүү жылына карата тил майрамы болуп өттү. Бул конкурсту Жеңиш Эдигеев Крупская айыл аймагынын жетекчиси уюштурду жана акчалай байге коюлду.
Конкурска аталган райондун К. Шопокова мектеп- лицейи, Арал толук эмес орто мектеби, 1-май орто мектеби, Сокулук № 2-мектеби, мугалимдер жамааты жана окуучулар катышышты. Жыйынтыгында Арал толук эмес орто мектеби 1- орунга ээ болуп, 15 мин сом байге утуп алды. 2-орун Сокулук № 3 — мектеп, 3- орун 1- май орто мектеби, 4 — орун Сокулук № 2 -мектеби ээ болушту.
Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2019 — жылы аймактарды өнүктурүү жана санариптештирүү жылы деп жарыяланган.