Корея мамлекетинин Чхунджу шаарында 2-3 сентябрда Буткул Дүйнөлук Күрөш Оюндары болуп өттү. Жалпысынан 134 мамлекет катышып, ал эми 30 мамлекет алыш күрөшү боюнча катышышты.
Кыргызстандан Сокулук районунун Кызыл-Туу айылынан Сарбашова Нагира катышып келди. «Корея өлкөсүнө үчүнчү жолу барышым, абдан кооз, абасы нымдуу аябай өнүккөн өлкө», — деп билдирди Сарбашова Нагира.
Сарбашова Нагира 5-апрелде 1989- жылы Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында туулган. Үй- бүлөлүү. Бир баланын энеси. Азыркы учурда машыктыруучу кызматын аркалап келет.
«Спорт менен 14 жылдан бери машыгып келем, анын ичинде 8 жыл дзюдо, 6 жыл алыш бел боо күрөш, Чхунджу шаарына алыш күрөшу менен катышып келдим, 1-орун алуу оңойго турган жок»,- деди Сарбашова Нагира.
Даярдаган: Джолчубекова Айдай