Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын Казарман айылында үй-бүлөгө көмөк жөлөкпул алуучулардын жана жумушсуз жарандардын даректүүлүгүн жана элдин жашоо шартын аныктоо боюнча үймө-үй кыдыруу жүрүүдө
Кыдырууга акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын адистери жана айыл өкмөттөрдүн социалдык кызматкерлери үймө-үй кыдырууга чыгышты.
Үйлөрдү кыдыруунун негизги максаты үй-бүлөгө көмөк жөлөкпул алуучулардын жана жумушсуз жарандардын даректүүлүгүн жана элдин жашоо шартын аныктоо, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жана турмуштун оор кырдаалына кабылган балдарды, мектепке, бала бакчага тартылбай калган өспүрүмдөрдү аныктоо, ата-энеси миграцияда жүргөн, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жөнүндө маалымат чогултуу, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана кароосуз калган улгайган адамдардын жашоо-шартына анализ жүргүзүү болуп саналат.
Район акими Манас Мураталиевдин буйругуна ылайык, үйлөрдү кыдыруу 3 айга созулуп, райондогу 3 айыл аймактарында жүргүзүлөт.
Анара Мааметова