Тогуз-Торо районунда мектеп окуучулары арасында өткөрүлгөн райондук предметтик олимпиада ийгиликтүү аяктады. Билим таймашына райондогу мектептерден жалпы 267 окуучу катышып, ар түрдүү сабактар боюнча өз билим деңгээлин сынап көрүштү

Олимпиаданын максаты — окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу, таланттуу жана шыктуу жаштарды аныктоо жана колдоо.

Катышуучулар математика, физика, химия, биология, кыргыз тили жана адабияты, орус тили, англис тили, тарых жана башка предметтер боюнча күч сынашты.

Жыйынтыгында эң жогорку упай топтогон 20 окуучу облустук этапка жолдомо алышты. Эми алар Жалал-Абад облусунда өтө турган олимпиадада райондун намысын коргошот.

Жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине райондук билим берүү бөлүмү тарабынан грамоталар тапшырылды.
Даярдаган: Анара Мааметова