13-февралда Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Салкын Төр эс алуу жайында «Бозо фестивалы» болуп өттү. Иш-чарага Нарын облусунун райондору Ак-Талаа жана Нарын районунун айыл өкмөттөрү активдүү катышып, ошондой эле Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясы катышып, фестивалды жогорку деңгээлде өткөрүштү.
Фестивалда кыргыздын улуттук баалуулуктары даңазаланып көрсөтүлдү. Салбурун — кыргыз элинин салттуу аңчылык өнөрүн камтыган комплекстүү спорттук иш-чара, анда бүркүт,тайган жана жаа колдонулуп, көчмөндөрдүн аңчылык салттары, тайган менен аңчылык сыяктуу түрлөрү корсөтүлдү. Андан сырткары кол өнөрчүлүк, сүрөт, даамдуу улуттук тамак-аштар көргөзмөсү көрсөтүлүп, иш чарага катышкан ар бир катышуучу, кыргыз элинин аздектеп кийип келген улуттук кийимдерин кийишип, келген конокторго тааныштырып, көрсөтүштү. Аты айтып тургандай “Бозо” фестивалында, Ак Талаа районунун өзгөчө бозосу конокторго тартууланып, майрамдык маанайды арттырды. Фестивалда маданият кызматкерлери тарабынан, келген конокторго ыр, бий коштолгон шаңдуу маанай тартууланды. Күндүн суугуна карабай, келген коноктор Салкын Төр эс алуу жайынын кооздугуна жана фестивалда көрсөтүлгөн каада салт, үрп адаттарыбызга таң беришип, жакшы маанайда кайтышты.
Иш-чарага Кыргызстандын белгилүү блогерлери да чакырылган, алар майрамды социалдык тармактарда кеңири чагылдырып беришмекчи. Иш чаранын негизги максаты туризмди өнүктүрүү үчүн, чет элдиктерге кыргыз маданиятын , салт санаасын чагылдыруу, даңазалоо болду.

Даярдаган: И. Мөндүрбаева