Тогуз-Торо райондук Аманкан Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунун хирургия, реанимация жана гинекология бөлүмдөрү заманбап медициналык жабдуулар менен толукталды.Район акими Манас Мураталиев жаңы аппараттар менен таанышып, бул жабдуулар калкка сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам көрсөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилеп, дарыгерлерге ийгилик каалады.

Ошондой эле үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна жана ФАПтарга 5 даана мобилдүү медициналык чемодан тапшырылды.

Бул жабдуулар алыскы айылдардагы бейтаптардан медициналык анализдерди өз убагында алууга шарт түзөт.

Оорукананын жетекчилигинин айтымында, эң керектүү жабдуулардын бири болгон лапароскоп аппараты операцияларды заманбап ыкмада жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берип, дарыгерлердин ишин жеңилдетет жана калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жогорулатат.

Даярдаган: Анара Мааметова