Тогуз-Торо районундагы Казарман айылынын «Күнчубак» мектепке чейинки билим берүү уюмунда кошумча тайпа ачылды. Ага район акими Манас Мураталиев, Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Алтынбек Жарбашов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманбердиев, Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Таалай Токтоболотов, ата-энелер жана мугалимдер катышты.
Район акими Манас Мураталиев: «Райондо балдардын бала бакчага киргизүү үчүн күткөн кезегин жоюу менен кошумча тайпа ачылып, бөбөктөрдүн бакчага баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту», — деп билдирди район акими Манас Мураталиев. Өз сөзүндө ал кошумча жумуш оруну түзүлгөнүн баса белгилеп, эмгек жамаатка ийгиликтерди каалады.
Аталган кошумча тайпа район акими Манас Мураталиевдин демилгеси, Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтү жана айылдык кеңештин депутаттарынын колдоосу менен каржыланып, жалпы оңдоп түзөө иштерине жана тайпанын эмеректерине, жасалгалоосуна жалпы 1 млн сомдон ашуун акча каражаты бөлүнүп берилген.
«Күнчубак» мектепке чейинки билим берүүчү уюмунда 4 тайпага кошумча бир тайпа 35 балага ылайыкташып, уктоочу, окуучу, кошумча бөлмөсү менен ачылды.
Белгилей кетсек район боюнча 14 мектепке чейинки билим берүүчү уюмунда 1000дей бала тарбияланат.
Бул туурасында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясында маалымат берди.
Анара Мааметова