Тогуз- Торо райондук профсоюз уюму тарабынан каржыланып, 30 окуучу Ысык-Көл облусундагы «Улан” пансионатына барышты.

Бул тууралуу Сары-Булуң айыл аймагынын профкому Замира Мамбетакунова билдирди. Макмал орто мектебинин мугалими Эланда Токтоболотова мектеп окуучуларын жетектеп барды. Лагерге катышып келген Альбина Бейшенилевага кайрылганыбызда төмөнкүлөргө токтолду:
“Лагерь абдан жакты. Жакшы эс алдык. Көп эле жакшы күндөр өттү. Окууга дем күч топтоп, алдым. Эми мен окууга даярмын”-деди.

Даярдаган: Назгүл Шадыбекова