70- жылдары ата-энесинин пикирине каршы чыгып, өзү жактырган кесипти тандаган Гүлшан Бугубаева Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген токойчусу. Окууну аяктаган соң коллектив ичинен дагы колдоо таппай коомчулук таңуулаган пикирди четке кагып өжөрдүк менен ийгиликке жеткен.
Гүлшан Бугубаева
Гүлшан апа 71 жашта. Анын бала чагы Талас облусундагы Көк-Сай совхозунда өткөн. Өзүнүн бала чагы тууралуу кийинкилерди айтып берди:
“Мен кичинекей кезимден эле кеселерге уруктарды чогултуп, гүлдөрдү өстүрүп, чыгып калса абдан сүйүнүп калчымын. Анда элде мындай түшүнүк жок эле бак- дарактын, талдардын бутактарын алып келип, бутылкага салып койсом бүрдөчү. Ошону көрүп аябай ырахаттанып сүйүнчүмүн”.
Болочоктогу токойчу төрөлүп өскөн айылда башталгыч эле мектеп болгондуктан, билим улантуу үчүн ал үйүнөн алты чакырым алыстыкта жайгашкан Көк-Сай айылына барып окучу.
“Машина жок болсо араба менен, ал жок болсо жөө жүрчүбүз. Ушундай кыйынчылыктар менен 10- классты ийгиликтүү аяктадым”.
Билимин улантуу үчүн Гүлшан апа алыстагы Ош шаарына аттанат. Ал жактан Айыл чарба техникумунун Агро техника бөлүмүнүн 1972- жылы аяктайт.
Жан дүйнөсү жактырган кесипти тандаганда алгач стереотиптерге кабылат. Биринчилерден болуп студентти өзүнүн атасы сындайт:
“Мен окуп жургөндө менин атам аябай уялган. “Ушу кыз бала да агрономго окуйбу? Сен мени уят кылдын! Мугалим болсон болбойбу? Экономист болсон болбойбу? Уят кылып жатасын, окуба”- деп. Ага болбой сүйгөн кесибим, аябай жакшы көрчүмүн, ошол жетелеп туруп алды”.
Окууну буткөндөн кийин сыноолор бүткөн жок. Өз кесиби боюнча жумушка орношо албаган Гүлшан апа Тамеки- махорка институтунда улуу лаборант болуп эмгектенип калат:
“Бирок өз сүйүктүү кесибим менен иштегим келип, мурда облуста бир эле Токой чарбасы болгон да, ошонун Грозный зонасы деп койчу, азыркы Шекер айылында токой чарба бөлүмү бар болчу. Ошол жерге биринчи эле бригадир болуп кирдим, кийинчирээк садовод болдум, акыры ошол жерде 45 жыл иштедим. 21 жашымда киргем, 65 жашыма чейин туруктуу иштедим”.
Гүлшан апа кыргызстандык кесиптештери менен
Жумушка жаны орношкон учурда Гүлшан апаны жетекчилер жылуу кабыл алган. Азыркы «Талас» токой чарбасына Узуркан Субановдун наамы берилген. Ошол инсан андан кийин Жусуп Масалбек жана Шаршен Жумашев мырзалар менен чогуу иштешкен. Бул кишилер биздин каарманга атадай кам көргөнүн эскерди. Бирок бардык коллектив мындай жылуу кабыл алган эмес:
“Мен жумушка орношкондон кийин албетте кыйынчылыктар болду. Мен капа болуп ыйлап калган күндөрүм болчу. Албетте эркектерден ар түрдүү сөздөрду угасын. Кемсинткен күндөр болгон. Ушунун колунан эмне келмек эле. Башка эле жумуш иштебейби же үйүндө отурбайбы деген сөздөр деле болуп турду. Ал убакта азыркыдай жеңил машина кайдан… араба, жүк ташуучу машина менен же жөө барасын. Кечке чейин чаң. Кыйын эле болду”.
Бирок кыйынчылыктарды жеңгенге Гүлшан апанын жолдошу колдоо көрсөттү. Үй-бүлөсү тууралуу тажрыйбалуу токойчу мындай деди:
“Бирок мени жолдошум аябай колдоду. Эч качан аялга деген кысым болгон жок, кызганыч көрсөткөн жок. Кайын ата, кайын эненем да колдоо көрсөтүштү. Балдарымды багып, үйдөн бей кам болдум, мени иштей бер деп турушчу”.
Көп сыноолордон өтүп, бирок өз сүйүктүү кесибин таштабаган Гулшан апа эмгегинин үзүрүн көрө баштады:
“Акырындап кыйынчылыктарды жеңе баштадым. Азыр ойлонсом мен аябай кайраттуу, күчтүү экенмин деп ойлойм. Ошого туруштук берип, ыйлаганымды эч кимге көргөзбөй, чыдайын-чыдайын деп. Кыйынчылыктарды жеңип, ийгиликтер жарала башталды. Бир гана директор болгон жокмун, калган жумуштун баарында иштедим. Кадыр- баркка ээ болдум. Мен Талас облусу эмес, Кыргызстанда белгилүү токойчулардын биримин деп айтсам жаңылбайм. Бүгүнкү күнгө чейин токой чарбачылар кесиптик майрам менен куттуктап турат. Айылдык, райондук, облустук кеңештерден белектерди алып турам. Токойчуларга насаат айтам, үйрөтөм. Кыйынчылыктарга моюн сунбаш керек».
Сыйлык алуу аземинде
Гүлшан апаны узак өмүр сүрүп, заман өзгөрүп, бирок Кыргызстанда аялдарга болгон мамиле өзгөрбөгөнү дагы деле капалантат:
“Кызматка көтөрүлгөндө, билген нерселерди айтайын десең эркектер баары бир басымдуулук кылып турат, кемсинткен учурлар азыр деле кездешип турат да. Бирок ал акыл жоктук деп ойлойм да”.
Турмуш оор келет, бирок өз кесибинди туура тандасан, ырахат алып жашайсын деген көз караштагы каарманыбыз жаштарга кийинки насааттарын айтты:
“Кесип тандоодо аялдын кесиби, эркектин кесиби деген туура эмес. Сен жүрөгүңдөн ошол кесипти сүйүп турсаң, кантип башка кесипке бара аласың. Азыр жаз, бак- дарактар гүлдөп турса, өзүм сүйүнүп кайра-кайра жумушка келген жаштык күндөрүм, жакшы күндөрүмдү эстеп турам.
Гулшан апа небереси менен
Башка кесиптерге караганда, мен азыркы бүтүрүүчүлөрду чакырат элем айрыкча ушул жаратылышка көңүл бурсаңар, жашыл экономиканы көтөрсөк, тоолорду, мөңгүлөрдү жаныбарлардын түрлөрүн сактасак, бул бизге өмүрүбүздүн аягына чейин азыкта болот, ден- соолугубузга түрткү да болот. Кесип тандоодо жаңылбагыла!”- деп каарманыбыз жаштарды жаратылышты сүйүүгө чакырды.
Апасынын эмгегин, кесибине болгон сүйүүсүн көрүп, Гулшан апанын жолун балдары улантты:
“Менин кесибимди улаган өзүмдүн кызым бар. «Талас» токой чарбасында иштейт. Неберем бар быйыл Агрардык университеттин Агрономия бөлүмүн бүтүп жатат, токой чарба жагында. Мен аларга туура түшүндүрдүм. Алар кесибин сүйдү. Мени ээрчип жүрүп ушул кесипти тандашты. Алар кесип тандоодо жаңылган жок деп ойлойм”.
Гүлшан апа кызы менен
“Жаштарды чакырам ушул токой чарбасында иштегиле, жаратылышты коргогула. Жаныбарларды коргогула. Эч убакта мен аялмын деп мөңгүрөп калбашыбыз керек. Силер эч кимден кем эмессиңер. Аялдар эркектерден да эки эсе көп жумушту аткарып жатпайбы. Кыргызстанда, дүйнөдө белгилүү ишкер аялдар көп да, кесип тандоодо жаңылбагыла. Кыйынчылыктарды жеңе билсеңер бүт ийгиликтер астыда, жетишебиз”, – деп өз сөзүн аяктады.
Гүлшан Бугубаеванын небереси Мадина да учурда агрономия кесибин тандап, билим алып жаткан учуру. Ал өзү кыялданган кесибин тандап алганына кубанат:
“Окууну Талас шаарындагы “Мээрим” лицейинде аяктагам. 2019- жылы Бишкектеги Улуттук Агрардык университетинин Агрономия жана токой чарба факультетите тапшырдым. Кесип тандоо мага кыйын болгон жок, себеби жол көрсөткөн чоң энем болду. Токой чарбасы деп айтылганы менен ичинен көп кесиптерге бөлүнөт экен. Анын ичинен мен тандаганым -Токой чарбасы жана ландшафттык курулуш».
Гулшан апанын жолун жолдогон небереси Мадина
Кесип тандоодо Мадина стереотиптердик көз карашка көңүл бурбай, жүрөгүнө жаккан багытты тандап, анын группалаштары да ошондой кылганын белгиледи:
“Биздин группада кыздар көп, 9 кыз 5 бала болуп окуйбуз. Кесип тандоодо жумуштун оорчулугуна деле карабайт экенсин, өзүң кызыккан кесип болгондон кийин».
Мадина группалаштары менен
Бул кесипти тандоого эмне түрткү болду? деген суроого Мадина мындай жооп берди:
“Кичинемден эле чоң энемдин жанында жүрүп, анын кесибине аябай кызыкчумун. Эсимде калганы апамдын сумкасында пачка, пачка акчалар жүрчү. Токойчулардын баарында ушундай акчалар болот окшойт деп, чоң энем чогулткан уруктарды уурдап, эч ким көрбөсүн деп, тоок канага кирип алып өстүрүп, өндүрүп көрө берчимин. Мен да чоңойгондо чоң апамдай токойчу болом деп коп айтчумун. Кыялдарым орундалды”.
Мадина практика учурунда
Токой чарбасында жалаң эркектер иштейт, ал жакта аялга орун жок деген стереотипти бир үй-бүлөдөгү бир муун жеңе алды. Эң башкысы өзүн жактырган кесипти тандап, кыйынчылыктарга сынбай, алдыга умтулуу керек деген жыйынтыкка келе алдык.
Айгуль Сакеева