Жогорку Кеңештин депутаты Болотбек Борбиев Токтогул районунун Э.Иманалиев, Үч-Терек, А.Суеркулов жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчылары менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Иш-чаранын негизги максаты — Токтогул районунда курч бойдон калып жаткан калкты таза суу менен камсыздоо маселесин талкуулоо жана аны чечүүнүн натыйжалуу, ыкчам жолдорун издөө болду.

Жумушчу жолугушууга тиешелүү тармактын жетекчилери катышты:
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин жетекчиси Зарылбек Каратаев;
Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) аткаруучу директору Калыбек Жумадылов баш болгон тармактык өкүлдөр.

Жолугушуунун жүрүшүндө аймактагы таза суу долбоорлорунун ишке ашырылышы каралды. Ошондой эле бул багытта келип чыккан негизги тоскоолдуктар жана аларды тез арада жоюу чаралары ортого салынды.

Жыйындын жыйынтыгында депутат Болотбек Борбиев тиешелүү мамлекеттик органдарга жана мекемелерге Токтогул районунун калкын таза суу менен кыска мөөнөттө толук камсыз кылуу милдетин тапшырды.
Даярдаган: Азема Сабырбекова