Токтогул районунун, Ак-Тектир айылында кыз-келиндер, апалар, айыл элинин ден соолугун чыңдоо үчүн зал ачылды. Ден соолукту чындоочу залы Швейцария өкмөтү тарабынан «Кыргызстанда жугуштуу эмес ооруларды натыйжалуу башкаруу алдын алуу» долбоору аркылуу каржыланып, айыл элинин ден соолугун чыңдоочу спорттук шаймандар орнотулуп ачылыш аземи болду.
«Кыргызстан айылдык ден соолук комитети тарабынан айылдагы айымдар үчүн машыгуу залды ачуу боюнча долбоор даярдалып, сунушталган. Долбоор Швейцария Өкмөтү тарабынан колдоого ээ болуп, жалпы суммасы 1млн 150 миң сомду түздү. Анын ичинен жергиликтүү бюджеттен 150 миң сом өздүк салым кошулду дейт», — айылдык кеңешинин депутаты Рыскүл Токтоназарова.
Ачылуу аземинде айыл аксакалдары ак баталарын берип өз ойлорун, сунуштарын, ыраазычылыктарын билдиришти. Аталар үчүн дагы бир күндү белгилеп коюну, алар дагы бош убагында келип машыгып кетээрин билдиришти.
Таалайбекова Дилде, Кудуева Азема