2025-жылдын сентябрь айында Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жолдорго асфальт төшөө иштери башталды. Бул иштердин алкагында айыл ичиндеги негизги көчөлөргө асфальт төшөлүүдө.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул жолдор мурда шагыл төшөлгөн же таптакыр начар абалда болгон. Жаңы асфальт төшөө иштери айылдын инфраструктурасын жакшыртууга, унаалардын жүрүшүн жеңилдетүүгө жана тургундардын жашоо шартын оңдоого багытталган.

«Бул жолдун курулушу Кыргыз Республикасынын биринчи элдик курултайында көтөрүлгөн маселелердин бири болгон. Ошол учурда мен чыгып сүйлөп, Өзгөрүш айылына келе турган жолдун өтө начар абалын айткам. Андан сырткары, элдин кайрылуусун президент Садыр Жапаровдун өз колуна тапшыргам. Ушул кайрылуудан кийин, былтыр Кара-Көл ДЭУсу келип, болжол менен 2–3 чакырым жолду, борбор көчөбүздү асфальттап берген. Ал эми быйыл, үчүнчү курултайда, мен транспорт жана коммуникациялар министри Сыргабаевге кайрылып, асфальтталбай калган 2 км участокту бүтүрүп берүүсүн сурангам. Министр макулдугун берип, бүгүнкү күндө ошол убада аткарылып жатат Мурда биз трассага чыгуу үчүн 1–1,5 саат убакыт коротчубуз, азыр болсо 20–30 мүнөттө эле чыгабыз. Элдин кубанычында, сүйүнүчүндө чек жок,бул эл үчүн чоң салым. Өзгөчө, жолдун асфальт менен төшөлүшү – бул элдин жашоосун жеңилдетип гана койбостон, өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон чоң салым деп эсептейм. Элдин атынан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго, ошондой эле Транспорт жана коммуникациялар министрлигине терең ыраазычылык билдиребиз. Мындан тышкары, Кара-Көл ДЭУсунун жетекчилигине жана эмгек жамаатына дагы чын дилибизден ыраазыбыз. Алар тарабынан былтыр Өзгөрүш айылындагы 3 км жолго төшөлгөн асфальт өтө сапаттуу болгон. Азыркы курулуп жаткан жол дагы ошондой сапатта болот деген ишеничтебиз» деп билдирди Кыргыз Республикасынын I, II, III курултайларынын делегаты, айыл аксакалы Эстебес Бакиев.
Өзгөрүш айылында таза суу, мектеп курулуштары,жана башка иштер да кызуу жүрүүдө. Айылдын жашоосу жакшырып, айыл-кыштактарыбыз өнүгүп өсө берсин.

Даярдаган: Азема Кудуева.