Жаштар күнүнө карата 9-10-11-класстардын окуучуларынын арасында интеллектуалдык таймаш уюштурулду.Таймашка Ж.Бөкөнбаев, Т.Ормонбеков, Манас, У.Артыкбаев, А.Ибраимов, Мүлкүбат, К.Чодошев мектептеринин окуучулары катышышты.
«Жаштар күнүнө карата интеллектуалдык таймаш уюштуруп, жаштардын дүйнө таанымын өстүрүү, логикалык ой жүгүртүүлөрүн өнүктүрүү, жаштарды ар тараптан колдоо көрсөтүү негизинде таймаш уюштурдук. Таймашта окуучулар өздөрүнүн ойлорун ачык айтып, топтор менен иштеп, логикалык суроолорго жооп берип өз билимдерин жакшы дээңгелде көрсөтө алышты» — дейт маданият бөлүмүнүн башчысы Турсункан Нусупова.
Иш-чара райондук маданият бөлүмүнүн уюштуруусу менен өткөрүлдү. Жыйынтыгында 4-орунга Манас, 3-орунга Ж.Бөкөнбаев, 2-орунга А.Ибраимов, 1-орунга Токтогул мектебинин командалары ээ болушту.
Ал эми Т.Ормонбеков, К.Чодошев, Мүлкүбат мектептеринин окуучулары кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.
Даярдаган: Айтурган Акимжанова.