Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата «Жоокер ыры» аскердик-патриоттук ырларды мыкты аткаруу боюнча республикалык кароо-сынагын өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин 2024-жылдын 14-марттындагы №402/1 буйругунун негизинде жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында «Жоокер ыры» аскердик-атуулдук ырларын мыкты аткаруу боюнча Улуу Ата-Мекендик жеңиштин 80 жылдыгына карата таймашы өткөрүлдү.

1-этабы аймактык деңгээлде 2025-жылдын 25-марттында бардык аймактарда бекитилген график менен уюштурулуп, сынактын жеңүүчүлөрү райондук туруна 2025-жылдын 28-марттында №2 Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин актовый залында өттү.

Жоокер ыры номинациясында:
Гран прини №19 Ашыралиев атындагы орто мектебинин окуучусу Сарматова Саяна ээледи;
1-орунга №14 Жоомарт атындагы орто мектебинин окуучусу Иманбаева Диана ээ болду;
2-орунга №6 Мүлкүбат атындагы орто мектебинин окуучусу Акылбеков Адилет ээ болду;
3-орунга №28 Ормонбеков атындагы орто мектебинин окуучусу Саматбекова Сайкал ээ болду;
Атуулдук ыры номинациясында:
Гран прини №13 Коргоол атындагы орто мектебинин окуучусу Ашымов Кубанычбек ээледи;
1-орунга №29 Нургазиев атындагы орто мектебинин окуучусу Жолдошов Нурислам ээ болду;
2-орунга №28 Ормонбеков атындагы орто мектебинин окуучусу Сурапбекова Аяна ээ болду;
3-орунга №36 Ибраимов атындагы орто мектебинин окуучусу Талипов Аманбай ээ болду;
Көркөм окуу номинациясында:
Гран прини №39 Жунусалиев атындагы орто мектебинин окуучусу Такиева Сардана ээледи;
1-орунга №13 Коргол атындагы орто мектебинин окуучусу Көкталова Айтунук ээ болду;
2-орунга №28 Ормонбеков атындагы орто мектебинин окуучусу Асылбекова Аяна ээ болду;
3-орунга №18 Чокоев атындагы орто мектебинин окуучусу Туйбаева Арууке ээ болду;
Таланттуу окуучуларыбызга ийгиликтерди каалайбыз!
Даярдагандар: Айзирек Жаныбекова