Ороз Мамралиев — ички иштер министрлигинин атчан аскеринде 66 жыл, анын 30 жылы Москва шаары боюнча 1-оперативдик полиция полкунун ардагерлер кеңешиниш төрагасы, Улуу Ата-мекендик согуштун ардагери, отличниги, жаш атчан жоокерлерди даярдап, жаш аттарды согушка, андан кийин 1945-жылы Жеңиш парадына даярдаган легендарлуу инсан.
Күчкө, билимге жана тажрыйбага бай, отставкадагы милициянын подполковниги Ороз Мамралиев Токтогулдун кулуну. Ал Кетмен-Дөбө өрөөнүндөгү Мазар-Суу айылында туулган, бир тууган иниси Нияз Мамралиев Терек-Суу айылында жашап 90 жашында каза болгон.
Жеңиш күнүнө, Маршал Жуковго ат таптап даярдаган Ороз Мамралиев
Ардагерлер курамында 216 адам болгон. Алардын арасында согуштун 48 катышуучусу болгон. Эми мен жалгыз калдым деп эскерген. Мен өзү Кыргызстандын Кетмен-Дөбө өрөөнүндөгү Мазар-Суу айылынан болом.
Ороз Мамралиевдин айтымына караганда ата-энеси карапайым адамдар болгон. Ал беш жашка чыкканда чоң апасы ага кичинекей тайды белеке берген. Ошол убактан баштап атка кам көрүп баштаган. Убагында жем чөбүн берип, тарап, жууп тазалап турчу.
1933-жылы жети жашар бала, орто мектепке кирип, 1941-жылы 7-классты аяктаган. Сельсоветте секретарь болуп иштеп, Жалал-Абаддагы ветеринардык окуу жайды бүтүрүп, 1944-жылы армияга барган. Согушка аттарды даярдап, атчандар полкунда калган. Ороз Мамралиев кызмат өтөгөн полкутун аскерлери 3- Белорусь фронту деп аталып, Чыгыш Пруссияга чейин жетишкенде, согуш аяктаган. Алты атчан инструкторду алып калып, Жеңиш күнүнө аттарды даярдоого буйрук берилген. Ал Маршал Георгий Жуковдун атын Жеңиш күнүнө даярдап, алтын саатты белекке алган.
Ороз Мамралиев Константин Рокоссовский, Семен Буденый атактуу командирлерге да кызмат кылган. Ал Василий Иосифович авиациянын башкы маршалы Вершинин курган дачада жашаган. Ал жерде кичинекей сарайда ат багып, чабандес-инструктор болгон. Юрий Гагарин менен дагы жолугушканын, ал жерде дагы атчандар полку Юрий Гагаринди биринчи космостон учуп келгенде, тосуп алганын дагы жылмаюу менен эскерген.
Согуштун ардагери, подполковник Ороз Мамралиев
Анын тажрыйбасы “Динамо” борбордук советинде да пайдалуу болгон. СССРдин алты чеберин жана 12 мастер кандидатын даярдаган. 1984-жылы 4-патрулдук полктун бөлүм башчысынын орун басары жана штабдын начальниги болуп ардактуу эс алууга чыккан. Ал аялы менен 66 жыл жашап, аялы каза болгондо инсульт оорусуна кабылган.
Баласы Сергей ички аскерлерде кызмат өтөп, инженер болуп иштейт. Небере кызы Орусиянын Борбордук банкында иштейт. Ороз Мамралиевдин 95 жашы Москвада Кыргыз диаспарасынын жана атчандар полкунун катышуусунда белгиленген. Жакын арада 14-декабрда легендарлуу ардагер Ороз Мамралиев 97 жашында Москва шаарында дүйнө салды.
Ороз Мамралиев небереси Айгүл Калманова менен
Азема Кудуева, Эльбина Аттокурова