Айыл тургундары алое гүлүнүн даарылык касиетин билишип, аны үй шартында гүл да, дары да катары колдонуп көнүп калышкан. Кыргызстанда бул гүл өспөсө да, аны башка мамлекеттерден көчүрүп келишип колдонушат.
Токтояндык Мадина Исмаилова алоени жөтөлгө каршы дары катары колдонуп келе жатканын айтат.

«Спиртке чылап аны жөтөлгө, тамак орууга, бронхитке, ашказан орууга колдоном. Ал эми ошол эле алоени балга чылап гайморитке да колдоном. Башка дарыларга караганда ыкчам жана тез таасир берет экен. Ал эми бул алое гүлүнүн көптөгөн түрү болот алардын баардыгы эле жарай бербейт. Дарылоону баштаар алдында алое гүлү жакшылап текшерип алышыбыз керек эң башкысы алое үч жылдык болушу абзел”, —деп билдирди Исмаилова.
Даярдагандар: Кеңешов Актилек, Шайыков Ахмет.
Редактор: Нуриса Максат кызы
Сынак үчүн