Ак илбирстерди коргооп калуу максатында жумалык Түп районунун Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинде өткөрүлүп жатат. Бул жумалыкта окуучулар ак илбирстерди канткенде коргой алышат жана кантип жаратылышка кам көрүш керектигин үйрөнүшмөкчү.
Айыл тургуну жана ак илбирстерди сүйүүчүлөрдүн бири Айбек Албаев бизге төмөндөгүчө маек куруп берди.
“Илбирс ичке, узун, ийилчээк денеси, бийик тоолуу жерге жашоого ылайыкташкан, салыштырмалуу буттары кыска, кичинекей башы жана узун куйругу менен айырмаланат. Куйругу менен кошуп эсептегенде узундугу 200-230 сантиметр болот. Куйругунун узундугу 80-100 см. Салмагы 27-55 килограммга чейин. Ири эркектеринин салмагы 75 кг чейин жетсе, кээ бир майда ургаачылары 25 кг болот. Боюнун бийиктиги ийнинде 60 см. Жүнүнүн түсү көгүлтүр-бозомуктан, саргыч-күңүрткө чейин болуп, тегерек каралжын тактар менен коштолот», деп айтып берди Албаев.
Мектеп президенти Адилия Мундукова ак илбирстерди коргоо керектигин өз сөзүндө билдирип өттү.
“Учурда дүйнө жүзүндө ак илбирстердин 4000 миңден ашууну гана калды. Ал эми Кыргызстанда 400дөй ак илбирис бар. Ошол себептен биз аларды коргошубуз абзел. Бул жандыктын териси абдан кымбат болгондуктан аларды четинен жок кылып жаткандар да жок эмес. Бул боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жаратылышка аз болсо да салымыбызды кошушубуз керек”, — деп билдирди Мундукова.
Даярдагандар: Кайкиев Салават, Нускадинов Бекзат.
Редактор: Нуриса Максат кызы
Сынак үчүн