Терек-Суу айылындагы Турусбек мектебинин бүтүрүүчүлѳрү мамлекеттик тестирлѳѳгѳ даярдана баштады. Азыр алар негизги тесттер болуп эсептелген математика жана кыргыз тил сабактарынан курстарга барып жатышат.
Математика жана кыргыз тил сабактарынан жана кошумча тарых сабагын алып кетип жатканын айтат Мырзагүл Райымберди кызы.
«Мен финансист жагына тапшырып жаткандыктан математика сабагына басым жасап жатам. Даярдыктарды баштаганыма кѳп эле болду. Өзүм тесттерди алып окуй баштагам. Курстар 300 сомдон болуп жатат. Эжекелердин бизге болгон үмүтү чоӊ, биз дагы ишеничти актаганга аракет кылабыз. Кошумча сабактардан мен тарыхты алып кетип жатам жана албетте эле орус тилине дагы басым жасап жатам. Быйыл мамлекеттик тестирлѳѳнүн шарттары ѳзгѳрѳт деп жатат, бирок балл мурдагыдай эле экен. Негизги 110 балл, ал эми кошумча 60тан ашса гана жогорку окуу жайына ѳтѳ алат. Жумасына 2 жолу кыргыз тил, 2 жолу математикадан даярданабыз», — деп айтып берди Мырзагүл.
Негизги сабактардан тышкары англис тили сабагынан кошумча кылып даярданып жатканын айтат Айгерим Жолдошбек кызы.

«Октябрдан тарта даярдана баштадык. Курстарга акча тѳлѳп жатабыз. Мен кошумча кыргыз тили жана англис тили сабактарынан ѳз алдынча даярданып жатам. Жылдагыдай эле 110 баллдан ашканы гана жогорку окуу жайларга ѳтѳт, ал эми ѳтпѳй калгандар тапшыра алышпайт», — деди ал.
Бүтүрүүчүлѳрдү кыргыз тил жана адабият сабактарынан даярдап жаткан Кенжекан Аматбекова «Секомдун» тесттери керектелүүсүн айтат.
«Мамлекеттик тестирлѳѳгѳ керектелүүчү 5-класстан берки окуу куралдары жана атайын тесттерди окуусу керек. Даярдана баштаганыбызга эки айдын жүзү болду. Башында жогорку окуу жайга тапшырууну каалагандарды гана алгам, бирок учурда баардыгы эле келип жатышат», — дейт Аматбекова.
Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы
Редактор: Луиза Айтымбетова
Сынак үчүн