Тоо туризм, альпинизм мен үчүн чыныгы жаңы ачылыш болду, Тоого туристтерди алып чыгуу, гид болуу деги эле тоо туризм жөнүндө толтура кинолорду көрүп чыктым. Демек биз жашап жаткан тоолуу аймак турситерди кызыктырып, айыл элине кошумча киреше булактары пайда болоорун билдим.
ЖашTour долбоорунун алкагында жайдын акыркы күндөрүндө тоо туризми тууралуу кызыктуу маалыматтарды жана практикалык көндүмдөрдү Базар-Коргон районунда Кызыл-Үңкүр жана Могол айыл аймактарынын жаштарына тоо жана окуялуу туризм боюнча окутууда үйрөттү.
Тоо туризми боюнча эксперт альпинист, скалолаз, спелеолог Сергей Назаров тоодо гид болууну самаган жаштарга альпинисттик тажрыйбасы жана билими менен бөлүштү.
Альпинизм жөнүндө теориялык жактан гана түшүнүк албастан, балдар туристтик жана алпинисттик шаймандарды колдонушту.
Окуулардын жүрүшүндө тоого ылайыкталган атайын альпинисттердин жабдыктары менен иштөө каралган. Себеби, тоодо жүргөндө ар кандай учурлар, кырсыкка кабылган жагдайлар кездешиши мүмкүн. Андыктан гиддер баарына даяр болуп, тоо жабдыктары менен иштегенди билиши керек.
Мындан сырткары тоого чыгууда эмнелерди алуу керек? Кандай тобокелдиктер болоору? Биринчи медициналык жардам көрсөтүү көндүмдөрүн үйрөнүштү. Туристтерди алып жүрүүдө алардын коопсуздугу боюнча маселелер талкууланды.
Ошондой эле тоо шартында кантип жана кандай тамак жасоо маселелери да каралды.
«Жаштур» долбоору Германия кызматташтыгынын (GIZ) «Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү» программасы (IRDP) алкагында Европа биримдиги (EU) жана Германиянын экономикалык кызматташтыгы жана өнүгүү федералдык министрлиги (BMZ) тарабынан каржыланат, «Аялдар тынчтык банкы» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.
Кененирээк төмөндөн көрүнүз:
Гулназ Камбарали кызы