Коомчулукта эркектин башы улук, аялдар ар кандай кыйынчылыкка чыдашы керек деген калыптанып калган түшүнүктөр терең сиңип калган. Мындай түшүнүктөр коомдо дагы эле жашап, аялдарга карата зомбулук токтобой келет. Бирок аялдар үй-бүлөсүн сактап калуу ирээтинде тосмо арыз жазып, күйөөсүн жоопкерчиликтен куткарып калган учурлар да аз эмес.
Мындай пикирди Сары-Булуң айыл аймагынын социалдык кызматкери Бурулсун Эрмекова билдирди:
«Эң биринчи үй-бүлөнү сактап калыш үчүн, тосмо арыз жазганга барат. Ошон үчүн эркек менен теңчиликке жетишүү бул кыргыздын канына биринчи сиңирүү керек деп ойлойм. Маалымдуулук аз».
Алгач,“Зомбулукка кабылган аялдар кайра тосмо арыз жазса дагы, зомбулук кылган адам жазасын алыш керекби?” Ушул суроого жооп издеп,жергиликтүү тургундарга кайрылдык:
«Тосмо арыз жазган күндө дагы жазасыз калтырганга болбойт. Аларды сөзсүз жазалаш керек. Жок дегенде өкмөткө штарф төлөтүш керек».
«Алыш керек, эскертүү бериш керек. Штрафын салыш керек. Ошонун негизинде гана азаят».
«Зомбулук жасаган адам экинчи андай жолго барбоо боюнча, чара колдонуш керек».
«Тосмо арыз жазгандан кийин жабыркаган адамга кол көтөрүп, зомбулукка алып келбеши керек. Буга чек коюу керек, закон тарабынан».
Тогуз-Торо району боюнча былтыркы жылы 6 айдын жыйынтыгы менен үй-бүлөлүк зомбулук менен 7 факты катталган. 7 фактынын ичинен бардык учур соттук кароого жетпей тергөө учурунда токтотулган. Анын негизги себеби – жабырлануучу тосмо арыз жазганына байланыштуу, бардыгы өндүрүштөн кыскартылган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди:
«Быйыл, жыл башынан бери, 6 айдын жыйынтыгы менен 4 аял зордук-зомбулукка кабылган. Бардык учур боюнча райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, териштирүү иштери башталган. Бирок, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 4 фактынын бирөөсү соттун кароосуна жиберилген. Ал эми 3 фактысы боюнча тосмо арыз жазгандыктан жабырлануучулар, териштирүү өндүрүштөн кыскартылган. Башкача айтканда, өткөн жылга караганда быйыл зордук-зомбулуктун саны азайган».
Тосмо арыз жазганга эмне себеп деген суроого адистер мурдатан калыптанып калган стереотиптик мамилелер, аялдар баарына чыдаш керек, деген көз караштар бар. Эң маанилүүсү, аялдар көп учурда үй-бүлөнү сактоого кызыктар. Аялдардын сабатсыздыгы, укуктарын билишпейт деген ою менен гендердик эксперт, “Аялдарды колдоо борбору” коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Бакен Досалиева бөлүштү:
“Андан тышкары, материалдык жактан дагы көз каранды, балдарын бутуна тургузуу, үйлөнтүп, жайлантуу, окутуу сыяктуу өзүнүн абалы дагы, материалдык жактан күйөсүнө көз каранды болгондуктан, аялдар чыдап жашай беришет. Оор учур болсо дагы тосмо арыз жазышат”.
Тосмо арыз-аргасыздык жана коркунуч
Анара Мааметова