Токтогул районунун Терек- Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинин окуучулары мектептин түшүмүн жыйнашты. Эгин жыйноо ишембилигине 8-9-10-11-класстардын окуучулары катышты.

Жаз айларында мугалимдер тарабынан сунушталып, мектеп администрациясы 3,5 гектар жерге жүгөрү айдашкан. Жай бою эгиндерди мектептин дене тарбия сабагынын мугалимдери сугарып турушкан.

Аталаган мектептин дене тарбия, аскерге чейинки даярдык сабактарынын мугалими жана бул иш чаранын уюштуруучуларынын бири Урматбек Ашырбаевдин айтымында, эгиндерден түшкөн каражат окуучуларга жумшалат.

“Мисалы, мектептин атынан кошуна айылдарда жана райондордо боло турган мелдештерге, спартакиадаларга, конкурстарга жана олимпиадаларга катышкан окуучулардын жол киреси жана башка керектөөлөрүнө жумшалат”, — деп билдирди Ашырбаев.

Эгин жыйноо ишембилигине келген 8-класстын окуучусу Нурлан Бакытбек уулу жардам берип мектепке салым кошкусу келгенин айтат.

“Мага бул ишембилик жакты, себеби, биз жалпы мектептин окуучулары болуп биринчи жолу чогуу эгин жыйнап жатабыз. Ишембиликке активдүү катышканыбыз, мектепте кошкон салымыбыз болот деп ойлойм”, — дейт 8-класстын окуучусу.

Ишембиликке келген 9-класстын окуучусу Алтынай Темиркул кызы буга чейин акча каражатынын жоктугунан окуучулар олимпиадаларга барбай калган учурлар болгондугун айтат.

“Эгиндерден түшкөн каражат окуучуларга жумшалат деп айтышты. Буга чейин акча каражатынын жоктугунан айрым окуучулар олимпиадага, конкурстарга барбай калган учурлар болгон. Мындан ары акча жок болсо мектептин бюджетинен бөлүнөрүн айтышты”, — дейт Алтынай Темиркул кызы.

Даярдагандар: Гүлкайыр Коёнова, Сирена Акжолтоева