Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы Турусбек мектебинин 1982-жылы туулган 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү жаштарды дени сак жашоого багыттап, спорттук оюндарды уюштуруп беришти.
«Бул спорттук иш- чараны бул дүйнөдөн көзү өтүп кеткен классташтарыбызды эскерүү менен жаштарды ынтымакка жана дени сак жашоого тартуу максатында уюштурдук. Спорттук оюндарга жалпы 35 000 сом сарпталды. Оюндарга 8 айылдын 200 ашык оюнчулары катышып, абдан кызыктуу өттү деп ойлойм,»-дейт 1982-жылы туулган Аваз Жуманов.
Волейбол, футбол, ордо жана эркин күрөш боюнча оюндар өткөрүлдү.
Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов