Дүйнөлүк насаатчы Брайан Трейси “Убакыттын чебери” китебинде жашоодо ар түрдүү максаттарга коротулган убакытка токтолгон. Бул китеп бир күндө 30 же андан да көп саат, ишинде карьералык өсүү, жашоосунда өзгөрүүнү каалагандарга сунушталат. Төмөндө китептин өзөгүн түзгөн автордун маңыздуу ойлору жана сунуштары менен таанышыңыз.
Стратегиялык пландоо жана максаттарды коюу
Ийгиликке жетүү үчүн адамдын максаттарында тактык болушу керек. Көптөгөн адамдар өз жашоосунун эң жемиштүү жылдарын бекер кооротушат. Бир нерсени баштаардын алдында аны эмне үчүн кылып жатканыңызды жана анын жыйынтык максаты эмне экенин сөзсүз чечип, билүүгө милдеттүүсүз. Көпчүлүк адамдар бир нерсе кылып жаткандай болушат жана көбүрөөк үмүт кылат. Үмүттү ийгиликке жеткирген стратегия деп эсептөөгө болбойт. Максаттарды аныктап жазыңыз, убакыт белгилеңиз, кагаз үстүндө ойлонуңуз.
Убакытты натыйжалуу колдонуу
Жашоодо жана жумушта натыйжалардан башка манилүүрөөк эч нерсе жок. Бул сиздин кирешеңиз, абийириңиз жана келечегиңиз көз-каранды болгон эң башкы, балким жалгыз фактор болушу мүмкүн.
Ар бир адамга карата айланадагылардын аң-сезиминде индивидуалдуу “бренд” түзүлүп калат. Сиздин жеке “брендиңиздин” жаратылышы сиздин жашооңузда эмне болуп жатканынан көз-каранды. Кайсы бир адам жөнүндө башка бирөөнүн пикирин билүүгө аракет жасап жатканда, көбүнчө биз мындай суроо беребиз: “Ал жалпы жонунан кандай таасир калтырат?” Бул баардык сапаттарды өзүнө камтыганын билдирет. Ийгиликтин эң негизги эрежеси мындай дейт: эгер бир ишке киришсеңиз анда иштеңиз. Иш убакыттын баары жумушка арналышы керек!
Кирешелерди жогорулатуу убакыты
Ар бир адам финансылык көз-карансыздыкка жетип, көбүрөөк акча тапкысы келет. Ар бир адамдын эң баалуу активи – анын акча табууга болгон шыгы. Эгер билимдер жана жөндөмдөр эскирип кетсе, аларга болгон суроо талаптар жок болсо, анда алардын ээлери көптөгөн айлар бою же жылдап жумушсуз калышат. Эң көп маяна алган жумушчулардын 20% кирген адамдар өмүр бою окушат.
Бош убакыт
Биздин жашообузда эң маанилүү мезгилдердин бири бул – биз бош деп атап жүргөн убакыт. Бирок, биз жашообуздагы кошумча түшүм катары – дал ушул убакытты айтсак болот. Эгер аны акыл менен колдонсо, өз баалуулугуңузду бир топ жогорулатып, кирешени көбөйтүүгө болот. Эгерде сиз 20 жашыңызда күнүгө өзүңүздү өнүктүрүү менен алектенсеңиз, аптасына 10 сааттан окууга убакыт бөлсөңүз, 27 жашыңызда алгачкы айлыгыңыздан эки эсе жогору каражат таба аласыз.
Жумуш убакыты
Сизди ийгилике тезирээк жетүүнүн камсыз кылган нерсе – мыкты кызматкердин репутациясы. Жогорку өндүрүмдүүлүктөн улам, сиздин алдыңызда жакшы мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк ачыла баштайт. Убакытты уурдаган чоң каракчы – баарын кийинкиге калтыруу адаты. Ал жөн гана убакытты эмес, өмүрдү уурдайт. Убакытты жоготуу боюнча дагы бир себеп – бул сиз күтпөгөн коноктор. Алар атайын жеке келгендер гана эмес, чалуулар дагы.
Чыгармачылыктын убакыты
Чыгармачылыкка бөлүнгөн убакыт – маанилүүлүгү жана баалуулугу боюнча ага эч нерсе тең келбейт. Дүйнөдө миллиард долларга тең келген идеялар бар. Алар изденүүдөн жана чыгармачылыктан жаралат. Байлыкка керек болгон нерселердин баары бул – бар болгон продуктту жакшыртууга, же жаңысын жаратууга байланыштуу бир жакшы идея. Чыгармачыл ой жүгүртүүнүн негизги 3 душманы бар. Бул комфорт зонасы, алсыздык жана ийгиликсиздиктен коркуу сезими.
Көйгөйлөрдү чечүү убакыты
Ар бир саатта, ар бир күндө сиз жашооңузга азбы же көппү, бирок таасирин тийгизген чечимдерди кабыл аласыз. Эгер сиз кайсы бир максатка жетпей калсаңыз, бул сиз бир көйгөйдү чече албай койгонуңузду түшүндүрөт. Универсалдуу принцип мындай дейт: “Сиз убакыттын көпчүлүгүн эмне жөнүндө ойлонсоңуз ошондой болосуз”. Биздин коомдун эң ийгиликтүү мүчөлөрүнүн 10-20 пайызына кирүүгө жетишкен адамдар көбүнчө калган 80-90 пайыздан өзгөчө ойлонушат. Алардын ойлору артыкчылыгы менен максаттарга топтолгон.
Достук жана үй-бүлөлүк баарлашуу үчун убакыт
Өз убактыңыздын кантип, ким менен өткөргөндүгүңүздөн сиздин бактыңыз жана ийгилигиңиздин 85% чейин көз-каранды. Жашоодо бир жөнөкөй формула иштейт: БС * МС = ПИ (байланыштардын саны, көбөйтүлгөн мамилелердин сапатына, персоналдык ийгиликке барабар.) Сиз адамга канчалык көңүл буруп мамиле кылсаңыз, ошончолук ал өзүнүн баалуу жана маанилүү экенин сезет. Натыйжасында, ал сизге ишеним менен жан тартып мамиле кыла баштайт.
Эс алуу жана көңүл ачуу мезгили
Сиз өз бизнесиңизге же карьераңызга салым кошкон эң баалуу капитал – тынч ойлонууга бөлүнгөн убакыт. Элестетиңиз сиздин денеңиз – күнүгө мээни жумушка жана кайра артка ташып жүргөн автоунаа. Жогорку кубатуулукта эмгектенген сергек жана таза мээни жумушка жеткизүү үчүн эс алган күчтүү дене керек. Таңды почтаны текшерүүдөн жана каттарга жооп берүүдөн баштаганда, сиз жакында бул нерсеге күндү бүтүндөй арнап жатканыңызды байкайсыз.
Тынчтык учуру
Сиз өзүңүз менен жалгыздыкта өткөргөн убакыт сиздин жашооңузда өтө олуттуу орунга ээ. Бул өзгөчө учурду руханий өнүгүүгө, ойлонууларга, жалгыздыкта сырттан жайбаракат байкоо жүргүзүүгө жана медитацияларга арнаңыз. Ушундай абалдардын түрлөрүн такай ишке ашыруу менен сиз жашооңузду эң укмуштуудай өзгөртө аласыз.
Касиет Кубанычбек кызы