Улуттук боштондук күрөшү чагылдырылып тартылган тарыхый Үркүн кино тасмасы 17-октябрда Эшбай Токсобаев мектебинде көрсөтүлдү. Буга чейин кино тасма саясий көз караштардан улам элге көрсөтүлбөй келген.
Үркүн тасмасынын бет ачары октябрь айында болгон. Азыркы кезде кино тармагында иштегендер бул тасманы мектептерди кыдырып көрсөтүшүүдө.
Нарын районунун Учкун айылындагы Токсобаев мектебинин окуучулары киного кирүү үчүн бир билетти 50 сомдон сатып алышты. Тасманы көрүү үчүн жалпы 50 көрүүчү келип, кино белгиленген убакытынан жарым саатка кеч башталды.

Киного келген Азиз Таалайбеков мындай тасманы кыргыздар биринчи эле жолу тартып жатышса керек деген ойдо.
«Башында билет алгым деле келген эмес. Бирок классташтарым билет алып атканда мен дагы уялганымдан алган болчумун. Ошондо ырас эле алган экенмин. Кино мыкты тартылыптыр, мага жакты», — дейт Азиз.

Ал эми 11-класстын окуучусу Бурулча Сынжыбекова тасманы көрүү менен кыргыз эли илгери кандай кыйынчылыктарды тартканын түшүнгөнүн айтат.
«Мен мурун 1916-жылдагы Үркүнгө көп деле маани берген эмесмин. Бул тасма баарыбызга таасир этти деп айта алам. Кыргыздын илгери кандай кыйынчылыктарды тартканын эми түшүндүм жана көз карашым да өзгөрдү», — дейт ал.
Үркүн тасмасынын узактыгы жалпы бир жарым саат. Ушул бир жарым саатай убакта баардык окуучулар тасманы кунт коюу менен көрүштү.
Тасманы сүрөткө же болбосо телефон камераларына тарттырбай кароолчулар көзөмөлдөп турду.
Даярдаган: Айгерим Бекболсун кызы
Редактору: Алмаз Эшбаев
Сынак үчүн