Түп районуну караштуу Токтоян айылынын Ашырбай Коёнкөзов мектебинде дублёрлор күнү өтүүдө. Бул күндөр окуучулар мугалимдердин ордуна жакшы билген, жакшы көргөн сабактарын класстарга өтүшөт. Бул дублёрлор күнүнө 5-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышып жатышат.
Дублёр катары 6-класска кыргыз тил сабагынан сабак өткөн 9-классынын окуучусу Нуриза Калиеева өз сөзүндө төмөндөгүлөрдү баяндады.
“Мен эки жылдан бери дублёрлор күнү өтүп жаткан учурда катышып келем. Ушул мезгилде мугалимдердин кесиби кандай оор экендигин жакшы түшүндүм. Себеби ар бир окуучунун тилин таап сүйлөш — бул абдан оор нерсе экен”, — деди ал.
Калиееванын сабагына катышкан 6-классынын окуучусу Нускадинов Бегзат төмөндөгүлөрдү айтып берди.
“Жылына ушул күн белгиленип келет. Быйыл да дублёрлор күнү учурда белгиленүүдө. Мага бул сабак кызыктуу болду. Анткени ал эже өз билгендери менен бөлүшүп, атайын карточкалар менен көптөгөн кызыктуу маалыматтарды берди”, — деди Бегзат.
Даярдаган: Муктар кызы Майрамкүл
Редактор: Адилия Мундукова
Сынак үчүн