Айыл тургундарынан алган сурамжылоодо элдер китепканадан китеп алып окубаганын, айылдык китепкананын абалы алардын купулуна толбой турганын билдиришкен. Ошондон улам биз айылдык китепкананын кызматкери Гүлнара Жунушбекова менен маек курдук.
Саламатсызбы, китепканада канча жылдан бери иштетип келе жатасыз?
— Мен китепканада 8 жылдан бери иштеп келе жатам. Ошол жылдан бери китепкананы жакшы иштетүүшгө аракет кылып жатам. Бул китепканага акча деле бөлүнбөйт. Айыл өкмөтү жактан деле жардам жок. Ар кандай жетишпеген оокаттарын өз каражатыман алам. Элден да китептерди сатып алып, газета, журналдарга да жазылып алып жатам.
Китепкананын азыркы абалы кандай, окурмандар ыраазыбы?
— Чынында биздин айылдык китепкананын туруктуу жери жок. Айыл башчынын көмөгү менен ушул бөлмөнү эки жыл мурун бөлүп берген. Бул жерден дагы кээде тамчылар агып, актап койгон жердин баары булганып, кайра актоого туура келет. Жаман деп айтпайм, элдер деле ыраазы болуш керек.

Китепканага канча каражат бөлүнушү керек, быйыл бөлүндүбү?
— Негизи китепканага каражат деле бөлүнбөйт. Кээде эле айыл өкмөт тараптан бөлүнүп калат. Быйыл эле “Тарых жана маданият” жылына карата 1500 сом ремонтко, 500 сом китепке бөлүндү. Бирок ал каражат которула элек. Ошол акча тийсе окурмандар окуй турган столдорду алып, ремонттойт элем.

Китепкана акыркы жолу качан ремонттолгон?
— Китепкананы акыркы жолу 2010-жылы 10 миң сом бөлүнүп ремонттолгон. Ошондон бери ремонттоло элек. 2012-жылы да кичине каражат бөлүнүп, пол жууганга чака, шыпыргы дагы башка оокаттарды алганбыз. Анан эми акча которулуп калса быйыл ремонттойлу деп турабыз.
Биздин китепканада жалпы канча китеп бар? Дагы китептер бөлүнүп жатабы?
— Биздин китепканада жалпы 3700 китеп бар. 2000ден ашыгы эски, калганы жаңы бөлүнүп келген китептер. Жаңы китептер АГАХАН фондунан болүнүп жатат. Дагы бөлүнөт деп күтүп жатабыз. 500 сом бөлүнсө, дагы жаңы китептерди сатып алам.

Даярдаган: Амангелди Темир уулу
Редактору: Найзабек Мукамбет уулу
Сынак үчүн