Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебинде Токтокан Аткаросова 30 жыл эмгектенген. Токтокан апа 1968-жылы беш жыл директордун орун басары болуп иштеген. Ошондой эле 1967-68-жылдары мектептин бала-бакчасында беш жыл эмгектенген.
Учурда Токтакан апа үй тиричилиги менен алектенет. Бул туурасында Токтокан апа мындайча баяндады.
— Мен 1967-жылы Учкун айылынын мектебине орус тил сабагынан балдарга билим бергем. Мектепте директордун орун басары болуп да иштедим. Учурда менин жети балам, 22 неберем, алты чеберем бар. Балдарымдын экөөсү мугалимдик кесипти бүтүрүшкөн. Бирок турмуш шартка ылайык базар иштерине иштеп кетишти. Бир уулум тарых жагын бүткөн. Мен 1995-жылы пенсияга чыккам.
Ошондой эле Токтокан апа азыр өзүнө чакан дүкөн ачып алган жана гүл өстүрүп, жемиштерди айдайт.
Даярдаган: Тобойбек кызы Бегайым, Таалайбек кызы Жибек.
Редактору: Бегимай Бекмуратова
Сынак үчүн